Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусуКара-Буура району 19.04.2019 15:15

Айыл турмушу: Ж.Ташматов аарыларга өзүн атайын чактырып жүрүп, бруцеллездон айыккан (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылынын 66 жаштагы тургуну Жайлообек Ташматов оорудан айыктырып, буттан тургузган аарычылык менен алектенип, жылына 1,5 тонна бал алат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим. Учурда ардактуу эс алууда. 2-топтогу майып.

«Аарычылык бутка тургузган иш болду. Анткени бруцеллез болуп ооруп калгам. Ооруканага 2 жолу жатып чыктым. Бирок бруцеллездон айыккан жокмун. Ошондо тааныш орус мени даарылайм деп биринчи 15 күндө бирден он бешке чейин аарыга чактырган. Мисалы бүгүн бирөө, эртең 2 аарыга чактырып, 15 күндө 15 аарыга чейин жеткирген. Кайрадан 15 күндө кемитип отуруп, 1 аарыга чейин түшүргөн. Жалпы 1 ай убакыт кетти. 7-8 аары чактырганда колу-буттарым жакшы иштеп калганын байкагам. Антпесе арыктан аттай албай же чачымды тарайын десем колумду башыма жеткире албай кыйналчумун. Ошентип айыккам. Андан кийин мага 70 рублдан 2 челектеги аарысын берген.

Ошентип 1973-жылдан бери аары багып келем. Казакстан жана Өзбекстанга чейин көчүп барып, аарылар үчүн жер которчумун (Таластагы чек арага жакын аймактарына). Союздун убагында 170 челек карачумун. Азыр чамам жок, 35 челек аарым бар. Бир челеги жылда 30 литр бал берет. З жолу тартып алам. Аарыларды жаш баладай кылып карайбыз. Жылуулап, жаап турабыз. Үкөктүн ичинде 34 градус жылуулук кармалып турат. Азыркы аба ырайы нымдуу келип, чиритүүгө алып келет же катуу суук болгондо баласына суук тийип өлүп калат. Аары өз нанын чогултат. Ага бал менен атайын суюктугун кошуп, «сгущёнка» жасап жаңы туулган баласына берет. Ошондо баласы күчтүү болот.

Жылына 1,5 тонна бал алам. Бал өндүрүү абдан түйшүктүү жумуш. Таза балды өндүрүү үчүн тынымсыз эмгек кылып, аларды көздүн карегиндей сакташ керек. Аарылар дагы тирүү жандык болгондуктан дартка кабылуусу ыктымал. Бир аары 45 күн жашагандыктан аларды улам-улам уруктандырып туруу керек. Ал эми тукум берүүчү энелик аарылар 3-4 жыл жашайт. Андыктан ага да өзгөчө көңүл бөлүп, дарылап туруу абзел. Болбосо баары кырылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан дары керек болсо дары менен камсыздап келем. Жылуулукту жакшы көргөндүктөн, кутуларды төшөнчүлөр менен жылуулап турам. Булар абдан акылдуу жандык болгондуктан таңкы саат бештен тарта тиричиликке киришип, 15 чакырым жерге чейин барып азык таап келет. Ушул иштин аркасы менен жакшы жашап келе жатабыз. Көптөгөн кыйынчылыктарды жеңе алдык.

Балдан түшкөн кирешеден кайрымдуулук кылып турам», - деди Жайлообек аксакал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×