Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 18.04.2019 09:31 На русском

Айыл турмушу: Ат-башылык Б.Ибраев 30 койдун санын 5 жылдын ичинде 500гө жеткирди (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 55 жаштагы тургуну Болот Ибраев 5 жылдан бери асыл тукум койлорду көбөйтүп багууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, «Кереге» асыл тукум чарбасы Сарыгоо өрөөнүндө жайгашкан. Бул чарбасын алгач 30 кой менен түптөгөн. Анда уяң жүндүү койлор багылат. Мал чарбасын өнүктүрүү үчүн насыя алууда. Бирок ар бир мал өзүнүн чыгашасын өзү жабат. Ошондой эле быйыл төл жакшы болуп жатат. Чарбасында 500гө жакын ак кой, 40 жылкы бар. Малды бага турган малчылары менен 5 жылдан бери иштешип келет. Аларга 12 миң сом айлык жана төлдөн 10% берилет.

«Биз ак кой багабыз. Аны көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Кочкорлорду болсо Айыл чарба министрлигинен алабыз. Бирок аябай кымбат, эң арзан дегени 15 миң сом болууда. Чарбанын иши 1990-жылы башталган. Анда чарба деген аты бар болчу, бирок асыл тукумга өткөнүбүзгө 5 жыл болду. Мындан 5 жыл мурун 30 кой менен баштаганбыз. 15 гектар жерибиз, жайыт бар. Бирок салык төлөп коюш керек. Азыр 200 кой тууп жатат. Жалпы 500 ак кой бар. Туутта 100 койдон 120дан козу алынып жатат.

Чарбанын пайдасы — башкаларга жумуш, акча сурап барбайм. Күнүмдүк оокатка жакшы. Өкмөт насыя берип жатат, төлөп жатабыз. Өсүү темпи жакшы, быйыл төлдөн кыйналган жокпуз. Биз жайытка акча төлөйбүз. Ак-Жар айылынын жайыты кенен, ошол жакка чыгабыз. Жылына мал башына 7 сом, бодого 15 сомдон төлөнөт. Өзүбүздүн жайытта суу жок, сууну ташып келип ичебиз. Ак-Жардагы ар бир коктуда суу бар. Мал чарбасын өнүктүрүү үчүн чыдоо керек», - деди ал.

Болот Ибраев кесиби боюнча бухгалтер. Ат-Башы акимчилигинде юрист болуп иштеген. Андан кийин бөлүм башчы болгон. Кийин Нарында мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүндө бухгалтер болуп иштеген. Ал жерде айлыгы аз болуп, кийин коммерциялык банкта 20 жыл иштеген. Андан кийин белинен чурку (грыжа) болуп, 2 жыл жатып калган. Дарыланып, ата-энесинин жанына көчүп келип, мал чарба менен алек болуп калган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×