Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.04.2019 09:23 На русском

14 жаштагы кыз туулган күнүндө аны зордуктаган жигиттерди табууга жардам берди, - улук тергөөчү М.Жаманакова

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Каракол ШИИБдин улук тергөөчүсү, милициянын майору Мээрим Жаманакова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1980-жылы Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайдан юрист кесибине ээ болгон. Андан кийин ИИМдин алдындагы мектепте окуп, 2002-жылдан тарта укук коргоо органдарында иштеп баштаган.

«Апам кесиби боюнча мугалим болсо, атам колхоздун чарбасында иштеди. Алар дайыма мага: «Элдик адам бол. Көздөгөн максатыңа жетүүгө аракет кыл, ак иште» деп айтышчу. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусумун. Кичинекей кезимде апама жардам берип жүрүп, жоопкерчиликтүү болуп чоңойдум. Бала кезимде милиционер болсом деп кыялданчумун. Окуу жайды бүткөндөн кийин бул кыялымды орундаттым», - дейт М.Жаманакова.

Анын айтымында, ал эмгек жолун Жети-Өгүз РИИБдин тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин коомдук жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. 2004-жылдын 5-ноябрынан баштап Ак-Суу РИИБде техник-криминалист болуп сержант катары 4 жыл эмгектенген. Андан кийин офицер болуп, РИИБде 2004-жылдан 2013-жылга чейин кызмат өтөгөн. 2013-жылдан баштап Каракол ШИИБде төргөөчү болуп, учурда ага тергөөчүлүк кызматты аркалап келет.

«Тергөөчүнүн жумушу оор. Бара-бара биз психолог дагы болуп калат экенбиз. Жаш балдар, өспүрүмдөр менен иштөөнү өздөштүрдүм. Биринчи кылмыш жасаган адам менен көп жолу кылмышка барган адамдын ишин тергөө эки башка. Кылмыш жолунда жүргөн адамдын күнөөсүн жетиштүү фактыларды чогултуп далилдебесең, алар суудан кургак чыгууга аракет кылышат. Бирок көп жылдык тажрыйбанын аркасы менен калп айтып жаткан адамды оңой эле аныктоого болот. Калп айткан адамдын үнү өзгөрүп, колу калтырап, тике карай албай калат. Жазып жатканда дагы бир нерсени жашырып жатканы дароо билинет.

Кылмыш ишти тергеп бүтүп, сотко өткөрмөйүнчө ошол окуя оюмдан чыкпайт. Күбөлөр айткан версиялар, сурак, кылмыш болгон жер көз алдымда турат. Мага көбүнчө аялдарга болгон зордук-зомбулук иштери туш келет. Бул дагы оор иштердин катарын толуктайт», - дейт милициянын майору.

Ошондой эле ал тергөө иштеринде эсинде калган урунттуу окуяны айтып берди.

«Мындан бир нече жыл мурун өспүрүм кыз зордукталып, шектүүлөр изи сууй электе кармалды. Кыз жаңы 14 жашка толуп, туулган күнүндө Караколдогу кичи райондордун биринде жигити менен жолуккан экен. Экөө короодогу отургучта отурушса 20-25 жаштардагы 4 жигит келип, кыздын жигитин сабап, өзүн унаага салып кетишкен. Аны талаага алып барып зордуктап салышкан экен. Жабыркаган кыздын ата-энеси арыз менен кайрылып, ишти тергөө маалында кыз биз менен тыгыз иштешти. Өзү кичинекей болуп, психологиялык жактан оор болуп жатса дагы окуя кандай болгонун так айтып берип, кылмышкерлерди убагында кармоого жардам көрсөттү.

Кыз унаанын ичи кандай экенин, отургучуна эмне салынганын, балдардын бетин көрбөсө дагы алар кандай кийим кийип, кандай кур тагынып жүргөнүн деталдарына чейин айтып берген. Анын көрсөтмөсүнөн кийин тез эле эки жигит кармалган. Эгер тергөөчү эркек киши болгондо балким жабыркаган кыз мындай деталдарды айтып бербейт эле деп ойлойм. Калган эки шектүү кармалгыча мага көптөгөн коркутуулар болду. Көп узабай эле эки жигит дагы колго түшүрүлдү. Бул ишти аягына чейин тергеп, сотко өткөрүп берген соң, 4 жигит тең сот жообуна тартылган. Жабыркаган кыз мектепти аяктагандан кийин чет мамлекетке кеткен экен», - дейт улук тергөөчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×