Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ош облусуКара-Кулжа району 15.04.2019 18:06 На русском

Видео — Кара-Кулжада тоо теке аткан жаран 100 миң сом айып пул төлөдү

Turmush -  Кара-Кулжа районунда тоо теке аткан жаранга 100 миң сом айып пул салынып, ал толугу менен өндүрүлдү. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кара-Кулжа району боюнча өкүлү Ажимамат Бердибаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кулжа районунун тургуну тарабынан 2018-жылы 3-октябрда Алайкуу айыл өкмөтүнүн Жантык участкасынан мыйзамсыз тоо теке атылган. Тоо текени Көк-Арт айылынын 1978-жылы туулган тургуну атканы аныкталып, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×