Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 15.04.2019 17:35

Волейболчу Н.Өмүралиева өзүнөн улуу оюнчуларды урушуп, кайра алардан кечирим сураганын унутпайт

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын 22 жаштагы тургуну Нургүл Өмүралиева аталган айылдын бала бакчасында музыкант болуп эмгектенет. Ошондой эле волейбол ойноп, республикалык деңгээлдеги мелдештерге чыгып, ийгиликтерди жаратып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жатат.

«Ат-Башынын Бирлик айылында балачагым өттү. Ушул эле айылдагы Самудин Мурзакматов атындагы орто мектебинен билим алып, окуумду ийгиликтүү аяктадым. Азыркы тапта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мектепке чейинки даярдык факультетинде 3-курска чейин окудум. Былтыркы жылдан бери айылыбыздагы "Бирлик таазими" бала бакчасында музыкант болуп эмгектенүүдөмүн. Аталган бакчада иштеп жатканыма байланыштуу 4-5-курсту сырттан окуп жатам. Өз кесибим боюнча жумуш орду жок болгондугуна байланыштуу музыкант болуп кирип, бир аз кыйынчылыктар жаралды. Анткени менин музыкалык билимим жок. Азыр көнүп калдым. Балдар менен иштешүү абдан кызыктуу. Кичинекей кезимде дагы мугалим болууну кыялданчумун. Ал тилегим орундалды», - деди ал.

Нүргүл Өмүралиева жумушунан сырткары спорт менен алектенип келет.

«Мектепте окуп жүргөн кезимде эле волейболго кызыгып, азыркы күнгө чейин мелдештерге чыгып, алдыңкы орундарды алып келем. Алгачкы ирет 7-классымда айыл, райондор арасында өткөн мелдештерге катыша баштагам. Кийин жогорку окуу жайда окуп жүргөндө дагы турнирлерге катышып, бир топ сыйлыктардын ээси болдум. Облустук деңгээлде гана эмес республикалык деңгээлде дагы ойнойм. Топ ойноп жатканда көп кызыктуу окуяларга кабылабыз. Командада эң кичүүсү мен, калгандары улуу эжелер. Оюн жүрүп жатканда эмоцияга алдырып, эжелерди катуу тилдеп алып, кийин кечирим сураган күндөрүм көп кездешет (күлүп).

Спорттун бул түрү менен эле чектелип калбастан, стол теннис жана баскетбол дагы ойнойм. Айылдагы спортко кызыккан окуучу кыздар машыктыруучу болуумду сунушташат. Бирок убактымдын тардыгынан улам аларга үйрөтө албай келем.

Ошондой эле мындан тышкары үйдөн таттууларга буйрутма алып, кошумча киреше табам. Таттууларды жасоодо атайын билим алган эмесмин. Аларды интернет булактарынан карап үйрөндүм. Алдыда айылга менчик бала бакча жана спорт комплексин ачып, белгилүү спорт чеберлерин чыгарууну пландап жатам», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси. Бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×