Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуТоң району 15.04.2019 15:45

Тоңдун Калкагар айылында 2,3 млн сомго футболдук аянтча курулду (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Калкагар айылында кичи футболдук аянтча ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге Тоң районунун акими Данияр Арпачиев, Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Футболдук аянтчанын курулушу 2018-жылдын март айында башталып, жалпы сметалык баасы 2 млн 350 миң сомду түзгөн. Аймактагы алтын кен өндүрүүчү ишкана тарабынан 1 млн 250 миң сом, жергиликтүү тургундардан 300 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 800 миң сом чогултулуп, ашар жолу менен салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×