Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ош облусу, Ош 15.04.2019 14:42 На русском

«Таанышымдын кызы ыйлап...»: Балдардын тарткан сүрөттөрүнөн идея «уурдаган» О.Калыков (сүрөт)

Орозалы Калыков
Орозалы Калыков
// Turmush

Turmush -  Орозалы Калыков Н.Шамырбеков атындагы Ош облустук куурчак театрында көркөм сүрөтчү болуп иштейт. Ал алгач скульптура жасаганга кызыгып жүрчү, бирок Ош шаарындагы Бабур өзбек музыкалык театрына көркөм сүрөтчү катары жумушка орношкондон кийин театрга байланып калганын айтат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Орозалы мырза 1974-жылы Фрунзедеги искусство институтунда билим алган. Учурда куурчак жана сахнанын декорациясын жасайт.

«Бабур театрына жарыя боюнча жумушка орношуп, 10 жылдан ашуун иштедим. 1991-жылы Ошто алгачкы куурчак театры ачылып, ал жакта иштөөгө чакыруу келип калды. Куурчак жасаганды үйрөнүү үчүн 1 айга Фрунзеге окууга жиберишкен. Куурчактарды алгач сүрөтүн тартып, эскизин чийип алгандан кийин жасайбыз. Жаныбарларды өзүндөй кылып жасабайбыз, балдар элестеткендей жасайбыз. Мектепте дагы сүрөт сабагынан мугалим болуп иштейм. Окуучуларга коён, кой, аары сыяктуу жаныбарларды тарттырып көрөм. Алардын тарткан сүрөттөрүнөн куурчактарымдын идеясы жаралат. Кээде спектакль учурунда куурчактын башы же мойну чыгып кеткен күндөр болот. Бир жолу “Кереметтүү чоор” спектаклинде куурчактын мойну үзүлүп кеткен. Режиссёр мага жини келип, урушкан. Ошол учурда жыгач усталар болуп калып, алар куурчакты оңдоп бере коюшкан», - дейт О.Калыков.

Сүрөтчүнүн колунан 500дөй куурчак жаралган. Аларга суу тийбесе, оңдолуп турса көп жыл бою сакталат. Орозалы мырза куурчактан тышкары спектаклге катыша турган актерлордун кийимдерин, сахнанын декорациясын жасайт.

«Куурчактар балдарды ишендире алса ошол менин жетишкендигим болот. Жогорку окуу жайда мени менен бирге окугандар белгилүү скульптор болушуп, алар жасаган эстеликтер Бишкекке орнотулган. Аларды көрүп, "мен куурчактар менен кайсы жетишкендикке жетет элем" деп ойлогом. Бирок президенттин “Ардак грамотасы” менен сыйланып, республикалык театр фестивалдарынын лауреаты болдум», - дейт О.Калыков.

Ал спектаклден кийин «маданиятты» түшүнгөн адам гана спектаклдин кемчиликтерин же жетишкендиктерин айтып кетээрин билдирди.

«Кээ бирлери спектаклдин өзүнө маани берип, бирок декорация, актерлордун кийимине такыр маани бербейт. Кылдат көз салып отурган адам гана баарына баа берет. Бир ирет Ч.Айтматовдун “Кыямат” чыгармасы боюнча спектакль коюлган. Карышкырдын формасы аябай окшошуптур. Таанышым балдары менен ал спектаклге келип, көрүп бүткөндөн кийин кетели дешсе кызы ордунан жылбай отуруп алыптыр. Ал кыз апасына “баягы карышкырлар жаныма келип калсачы” деп бир топко чейин ыйлаптыр», - деди Орозалы мырза.

Анын эмгектери коңшу Өзбекстан өлкөсүнүн Андижан шаарынын театрынын жетекчилигине жагып, Орозалы Калыковду тажрыйба алмашууга чакырышкан. Ал жактан керектүү куурчактарды жасап берип, бир спектакль коюп келген.

«Театрдан тышкары үйдөн мектеп, бала бакчаларга дагы куурчактарды жасайм. Неберелерим жасаган оюнчуктарым менен ойноп "бизге да жасап бер" дешет. Чет жактарга чыкканда оюнчук саткан дүкөндөргө кирип, "жаныбарлардын, баланын, кыздын куурчактарын кантип жасаса болот" деп кызыгып, куурчактарды карап чыгам», - дейт сүрөтчү мырза.

Орозалы Калыков учурда 66 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×