Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Талас облусуТалас району 15.04.2019 13:25

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Нурсултан атасынын жолун улап, сүрөтчүлүк өнөрүн такшалтууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Казык айылынын 17 жаштагы тургуну Руслан уулу Нурсултан сүрөтчүлүк чеберчилигин өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы жаш сүрөтчү менен таанышты.

Анын айтымында, учурда 11-класстын окуучусу.

«Сүрөткө болгон кызыгуум 1-классымда башталган. Атам Руслан Байсейит уулу Эшмамбет атындагы мектепте сүрөт жана кол эмгек сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Атам өзү сүрөтчү. Айыл ичинен эле эмес, башка айылдан келип сүрөт тарттырып кетишет. Биздин үйдөн сүрөттү атам, эжем жана мен жакшы тартабыз. Ини-карындаштарым дагы сүрөткө жакын. Биздин өнөрүбүз менен апам сыймыктанып келет. Бош убактыбызда үй-бүлөбүз менен сөзсүз сүрөт тартабыз. Мен көбүнчө жаратылышты тартканды жактырам. Кышкы мезгилде кыштын кереметин сыртка чыгып алып тартсам, жай айында атайын тоолорго чыгып, кооз жерлерди чагылдырганга аракет кылам. Ошондой эле мектепте кандай иш-чара болбосун мага сүрөт тарттырып кетишет жана эң жакшы деген баага татыктуу болот.

5-класстан бери райондук, облустук, республикалык жана эл аралык кароо-сынактарга катышып, сертификат, диплом, сыйлыктарга ээ болуп келе жатам. Ошондой эле атамдын «Чебер колдор» ийримине катышып келем. Азыркы учурда сүрөтчүлүк өнөрүмдү такшалтуунун үстүндөмүн. Мен мында жакшы деңгээлде тартууга жетишим керек. Бир сүрөттү 2 саат убакытта тартып бүтүрөм. Керектүү материалдарга өтө көп деле каражат кетпейт. Ал жагынан атам жардам берип жүрөт. Негизи тарткан сүрөттөрүмдү сатпайм. Өзүмдүн эмгектеримди бөлмөмө коём. Келген коноктор сөзсүз менин бөлмөмө кирип, сүрөттөрдү көрүп кетишет. Келечекте дүйнө элине таанымал сүрөтчү болгум келет. Ал үчүн бир гана аракет керек», - деди сүрөтчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×