Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусу, Нарын 28.04.2019 23:50 Жаңыланды: 16.06.2019 09:00 На русском

Айыл турмушу: 34 жаштагы дизайнер М.Кыдырмаева нарындыктарга кийимдин түрүн тигип берүүдө (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарына 2005-жылы келин болуп келген 34 жаштагы Мээрим Кыдырмаева жолдошунун сунушу менен дизайнер кесибине ээ болгон. Ал учурда аталган шаардагы бала бакчалардын, мектептердин жана шаар тургундардын суроо-талабына ылайык кийимдин түрүн тигип, буйрутмаларды алат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен эле кийим тигүүгө шыктуу келип, бирок ага көп кызыкчу эмес.

«Мен Нарын шаарында төрөлүп, бирок Бишкек шаарында чоңойгом. Борбордогу №27 орто мектепти аяктагандан кийин чыгармачылыкка кызыгып, ошол тарап менен кетейин дегем. Бирок жолдошум Замирбектин сунушу менен 2004-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине барып, дизайнер кесибин алып чыктым. Ошол кезде жолдошум менен жаңы таанышып, сүйлөшүп жүргөн кезибиз эле. Замирбек (жолдошу) "сенин шыгың бар. Жакшы тигесиң, дизайнер жагына бар. Экөөбүз бир университетте билим алабыз" дегенинен ойлонуп, ушул кесипти аркалап калдым. Негизи кичинекей кезимден эле кийим тигүүгө шыгым бар болчу. Кол эмгек сабагында жумшак оюнчуктарды жасап, аларды жакындарыма белекке берчүмүн. Бирок кол өнөрчүлүккө көп кызыкчу эмесмин жана кийим тигүүгө болгон кызыгуум такыр жок эле.

2-курсумда сүйүктүүм колумду сурап, ага турмушка чыктым. Окуумду таштабай уланттым. Сабактан кийинки бош убактымда шаардагы менчик кийим тигүүчү цехтердин биринде кийим тигип, технолог болуп да иштеп, тажрыйба топтой алдым. Университетти 2009-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин дагы менчик ишканаларда иштедим. Эки жылдан кийин кыздуу болуп, үйдө отуруп калдым. Бирок бош отура бербестен үйдөн буйрутмаларды алып, кардарлардын табитиндегидей кийимдерди тигип, киреше таба баштагам», - деди ал.

Мээрим Кыдырмаева жолдошу менен Нарын шаарына 2015-жылы көчүп келишкен.

«Нарын шаарына келип, ушул жерде отурукташып калдык. Бул жакка жаңы келгенде шаардагы соода борборунан орун алып, кийимдерди кыскартып, оңдоп иштеп баштадым. Ошондой эле буйрутма менен шейшеп, пардаларды тигип, кардарларды чогулта алдым. Азыркы күндө шаар ичиндеги мектеп, бала бакчалар менен иштешип, аларга майрамдык костюмдарды жана шаар тургундарынын табитиндегидей классикалык жана спорттук кийимдерди, көшөгөлөрдү, жаздыкчаларды тигем. Ашып калган кездемелерден кичинекей кыздарга топу, чачка тагуучу ободокторду жасап берем.

Мындан сырткары тойлордон буйрутмалар түшүп, ырдап кошумча киреше табуудамын. Алдыда көргөзмөлөргө чыгып жана кийим тигүүнү үйрөнүү боюнча окуу жай ачып, шаардагы кызыккан кыздарга үйрөтөйүн деген оюм бар», - деди ал.

Мээрим жеңе чоң кайненесинен оймо-чиймелери бар чыптаманы белекке алган.

«11-класста окуп жүргөн кезимде Замирбек биздин үйдүн жанында жайгашкан скульптура музейинде иштечү. Экөөбүз ошол жактан таанышканбыз. Анын так, чынчыл, адамгерчиликтүү мүнөзүн жактыргам. Экөөбүз 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 2005-жылы баш кошконбуз. Ошол кезде ыраматылык чоң апам (чоң кайненеси) мага батасын берип, өз колу менен сайма сайып, өпкө кап тигип берген. Учурда жолдошум экөөбүздүн 1 уул, 2 кызыбыз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×