Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ош облусу, Ош 15.04.2019 13:00

«Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»: Милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт (сүрөт)

Ош ШИИБдин кызматкерлери
Ош ШИИБдин кызматкерлери
// Turmush

Turmush -  19-апрелден тартып Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ѳздүк курамы «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатка карата күчѳтүлгѳн тартипте кызмат ѳтѳйт. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Бүгүн, 15-апрель күнү аталган башкармалыктын кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү максатында саптык кароо ѳттү. Ош ШИИБдин башчысы Муратбек Боронов ѳздүк курамга талаптагыдай тартипти, келбетти сактап, жарандарга болгон мамиле жана аларга ар тараптуу жардам кѳрсѳтүү жөнүндө айтты.

Аталган салтанатка чет элдик коноктордун, ѳнѳрпоздордун келиши күтүлүүдѳ. Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө укук коргоо органдарына, анын ичинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ѳздүк курамына тапшырылган. Ошондой эле салтанат учурунда шаардагы бардык маданий иш-чаралар ѳтүүчү аймактар жана коомдук жайлар кѳзѳмѳлгѳ алынат.

Салтанат 19-апрелден 23-апрелге чейин созулат. Анын расмий ачылышы 20-апрель күнү саат 20:00дө борбордук А.Сүйүмбаев стадионунда башталат, деп айтылат Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×