Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусуПанфилов району 15.04.2019 11:36 На русском

Мүрзөдөгү күүлдөгөн үн, табышмактуу өлүм: Бошкой манаптын күмбөзүндөгү чечилбес сыр

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айыл аймагына караштуу Чорголу айылында Бошкой манаптын мүрзөсүнө эстелик коюлган. Ал 2006-жылы Бошкойдун 200 жылдыгына карата ишке ашырылган. Бошкой манап айтылуу Байтик баатырдын агасы болгон.

Чорголу мектебинин директору, акын Султан Карбосовдун (47 жашта) айтымында, Бошкой манап 1805-1877-жылдарда бул аймакта жашаган. Урпактары, солто уруусу 2006-жылы мүрзөсүн түптөп, эстелик коюшкан.

«Мен “Бошкойдун баяны” аттуу уламыш жазгам. Ал Кутуш Сырмыбаевдин айтуусунун негизинде жазылды. Өзүм да түрдүү булактардан изилдедим. Массалык маалымат каражаттарына тарыхый инсандарды биле жүрүү максатында жарыяладым. Ал эл камын көргөн, калкына камкор, бай адам болгон. Жетим-жесирлерге, бей-бечараларга такай жардам берген. Сырткы душмандардан коргогон. Кезегинде өзүнө арнап, Ташкенттен уста чакырып күмбөз салдырган. Мүрзөнүн казанагын кең каздырып, аялына да жай даярдаткан. Ушунчалык бийик болгондон улам тээ алыстан эле үстүндөгү жалтырак темирлери күнгө чагылышып көрүнүп турчу экен.

Жашоонун жазмышы менен өзүнөн мурун аялы каза болуп, ушул күмбөзгө коюлат. Арадан жылдар өтүп, Бошкой манап каза болот. Баягы күмбөзгө сөөгүн алып барганда, казанактын (сөөк жатуучу жай) ичинен сымап сымал жалтылдаган суюктук көрүнөт. Ага таң калган журт башка жерден жай казып, денени көмүшкөн экен. Кийин атеизм күчөп турганда күмбөздү бузуу максатында адамдар келишет. Барскан менен ургулай баштаганда күүлдөгөн үн чыгат. Ошентип, бышкан кыштан курулган күмбөз туш тарапка чачылып кала берет. Бузууга баргандар оорукчан болуп, көз жумушат. Таң калыштуусу бышкан кыштар эчкинин майына жуурулган дешет», - деди ал.

Бошкой манап солто уруусунан болгон. Анын урпактары Чалдабар, Чорголу, Орто-Арык, Панфилов жана башка айылдарда жашайт. Бир уулунун аты Курама болгон. Уламышта азыркы Курама айыл өкмөтү ошонун атынан коюлган делет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×