Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Талас облусуКара-Буура району 15.04.2019 11:03 Жаңыланды: 15.04.2019 18:17

Жеңеке: Концертке барабыз деп келин болгон Паризат жеңе кафеде жолдошунун акчасы жетпей калган күндү унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 30 жаштагы Айнабекова Паризат жеңени бойдок кезинде жолдошу кафеге киргизем деп акчасы жетпей, ыңгайсыз абалда калганын унутпайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Кыялбек Аширматов экөө тең Шекер айылында чоңоюшкан.

«Жолдошум экөөбүз бир айылда эле чоңойдук. Балалык чагыбыздан эле бири-бирибизди таанычубуз. Ортобузда 6 жаш айырмачылык бар. Мен аны аке катары көрүп, аке деп жүрчүмүн. Жолдошум ошол кезде эле мени жактырып жүрчү экен. Мен мектепти аяктап, Бишкек шаарына жөнөп кеттим. Ошол убакта жолдошум үйгө келип, мени кантип тапсам болот деп үйдөгүлөрдүн сурап кетиптир. Бирок үйдөгүлөр анча деле элес алышпаптыр. Мени 1 айдан кийин эле Казакстандын Тараз шаарына эжем иштейсиң деп алып кетти. Ал жакта 4 ай иштеп келдим.

Бир күнү эжем экөөбүз базар аралап жүрсөк алдыбыздан жолдошум чыгып калды. Ал-абалды сурашып, бир аз сүйлөшүп турдук. Мен айылдаш жигит болот деп эжем менен тааныштырдым. Биздин дарегибизди алып калган. Көп өтпөй батирибизге барып жүрдү. Мен аны аке катары кабыл алып жүрдүм.

Бир күнү курбум экөөбүздү кафеге чакырды. Бош убактыбызда барып, тамактанып, бийлеп келдик. Кеч болуп калбасын деп таксини көздөй бара жатканбыз. Ошол жерден жолдошум мага «мени сени жакшы көрөм» деп сүйүүсүн айтып келе жатты. Мен уялып болбой жаттым. Таксиде келе жатабыз. Ал болсо колумду кармап алып кое бербейт. Таксиден түшүп калып, дос баласы экөө бизди кайра кафеге киргизди. Кымбат кафе болгондуктан акчасы жетпей калып, биздин жаныбызда аябай ыңгайсыз болуп уялышкан.

Дагы бир күнү жолугушууга чакырды. Биз баягы эле курбум экөөбүз чыктык. Ошол жерден «Кыргызстанга кеттик, Мирбек Иманбековдун концерти болот экен. Кайра эле жеткирип коёбуз» дешти. Көрсө баары пландалып калган экен. Ошентип Кыргызстанга концертке деп келдик. Келсек концерттик залда эч ким жок. Ошол жерден айылга келдик, тамак ичип кетели деп бизди алып жөнөштү. Такси менен келе жатканда айдоочу адашып, коңшунун үйүнө кирип кетсе балдар «кийинки үй» дешкен. Мен дагы аларга кошулуп, «кийинки үй» деп айта бериптирмин. Ошентип 2007-жылы 16-декабрь күнү өзүмдүн айылыма келин болуп келдим. Эртеси 17-декабрь күнү жолдошумдун туулган күнү экен. Бир ок менен эки коён атып той өткөргөнбүз.

Жолдошум бизге камкор. Мени эч нерседен кем кылбайт. Сөзүнө бек, мен ошол сапатын баалайм. Жолдош балдары менен отуруштарда көп отурабыз. Аяштарыбыздын кызыктуу окуяларын айтып, балдар күлүп калышат. Мага кезек келгенде эле баягы айдоочу акеге «бул үй эмес, кийинки үй» деп айта бергенимди көп айтышат. Азыр бактылуу айыммын. Жолдошума жана 4 балама ашпозчумун. Жолдошум менин бешбармак, шорпо, лагман тамактарымды сүйүп жейт», - деди ал.

Паризат жеңе 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×