Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусу, Баткен 15.04.2019 10:22

Баткен облусунда бөбөктөрдүн 40% ашыгы бала бакчага барат

Turmush -  Баткен облусунда мектеп жашына чейинки курактагы балдардын 40% ашыгы бала бакчага тартылган. Бул тууралуу 13-апрелде Баткенде кичинекей бөбөктөрдү эрте өнүктүрүүгө багытталган конференцияда айтылды.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда 159 бала бакча иштейт. Жалпы 20 миңден ашык бөбөк бала бакчага барат.

«Бирок бул көрсөткүчтү жакынкы аралыктарда 2 эсеге көбөйтүү милдети турат. Албетте бул багытта бейөкмөт уюмдардын жана жеке ишкерлердин да салымы зор», - деди облус жетекчиси Акрам Мадумаров.

Баткен облусунун бардык билим берүү мекемелеринде «Энелер мектеби», «Бирге окуйбуз» долбоору, китепканалар базасында «Өнүктүрүү борборлору» иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×