Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусуБаткен району 15.04.2019 09:44 На русском

Элдик уламыш: Зардалыдагы 6 кылымды карыткан өрүк багы мазарга айланган (сүрөт)

6 кылымды карыткан өрүк багы
6 кылымды карыткан өрүк багы

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Зардалы айылында 600 жылдан бери өсүп турган өрүк багы жергиликтүү тургундардын мазарына айланган. Бул тууралуу Баткен аймактык биофабриканын жетекчиси Турсунали Төлөмүшов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, 6 кылымды карыткан 1 түп өрүк жана 1 түп алмурут багы азыркыга чейин мөмө берүүдө.

«14 кылым мурда Зардалы айылынын ордунда калың токой болгон. Ошол мезгилде ал жерде эч ким жашаган эмес. Биринчи болуп Сакы аттуу бабабыз көчүп баргандыгын айтып келишет. Ал калың токойду өрттөп, ошол жерди өздөштүргөн экен. Зардалы айылынын бардык тургундары Сакы бабанын урпактары болот. Сакы Нойгуттун Баргы уруусунан болгон. Бул дарактарды жергиликтүүлөр "Сакы бабанын дарактары" деп аташат. Андан кийинки бабаларыбыздын тиккен өрүктөрү дагы бар. Бирок алар Сакы баба отургузган бактардан 3 кылым кийин эгилген. Эң кызыгы 600 жылдык өрүк жана алмурут бактары азыр дагы мөмө берет. Алмурут менен өрүк багынын сөңгөгүнө 3 адамдын кулачы араң жетет. Биз алардын сакталып калышына экологиялык жактан таза аба жана тоо боорунда жайгашкандыгы себеп болсо керек деп ойлойбуз.

Былтыр тургундар менен көп жылдан бери өсүп турган даракка кам көрүш керектигин макулдашып, айланасын тазалаганбыз. Учурда ал жер мазарга айланган. Барган адамдар куран окуп, өзүнө жана үй-бүлөсүнө жакшылыктарды каалап, дуба кылышат. Башкача айтканда, адамдар ал өрүк жана алмурут багын ыйык сезип калышкан», - дейт Турсунали Төлөмүшов.

Учурда Зардалы айылында 50 үй-бүлө жашайт. Айылдын бир бөлүгү Кара-Бак айылына көчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×