Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуТалас району 15.04.2019 09:26

Айыл турмушу: Таластык А.Мамбетов айылында чакан цех ачып, жумуш орундарды түзүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 62 жаштагы тургуну Аманкул Мамбетов айыл эли үчүн пескоблок, брусчатка жасаган чакан цех иштетип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул иш менен алектенип жатканына быйыл 2 жыл болду.

«Өткөн жылы иштетип баштагам. Кардарлар тараптан суроо-талап көп болгонун, өтүмдүүлүгү жакшы экенин байкагам. Мен пенсия курагындамын. Үйдө айыл чарба менен эле чектелип отуруп калбай, айылда бош турган эси мончонун имаратын ижарага алдым. Жанындагы чоң складын пескоблок, брусчатка жасаган ишкана кылдым. Мончону кайра ишке киргизгени жатам.

Биз былтыр пескоблокту 2 көздүү станок менен куюп иштегенбиз. Быйыл жаз алды менен 3 көздүү чоң станокко буйрутма бергем. Бул жылы буйруса сапаттуу пескоблокторду жасап баштайбыз. Аракетиң жакшы болсо бардык ишти өздөштүрүп кетсең болот. Быйыл пескоблокко кошуп, бурсчатка дагы жасап баштадым. Алгач азыраак санда жасап, айылдаштарыма көргөзсөм жактырышты. Андан кийин буйрутма беребиз дегендер көп болуп жатат. Бул жер эски имарат болгондуктан азыр өзүнөн эч кандай киреше артпайт. Түшкөн каражатка оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүп жатам. Андан сырткары иштейм деген инилерди иштетип, эмгек акы төлөп берип жатам», - деди ал

Ишкер 1 уул, 5 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×