Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Баткен облусуЛейлек району 14.04.2019 11:30 На русском

Афганистандан алынган 35 миң сомдук койлор, 1,5 гектарды тамчылатып сугаруу: Фермер Д.Кадыровдун миллиондук иши. Видео

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну Дилшод Кадыров 1,5 гектар жерин тамчылатып сугаруу жолу менен 3000 түп алма, шабдалы, гилас, алмурут, бадам көчөттөрүн өстүрүп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын чарбасы менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, бул иштерди баштаганына 5 жыл болду. Тамчылатып сугарууда сууну тоого жеткирүү үчүн Кадамжайдан атайын скважина казуучу адистерди алып келген. Алар 1 метр тереңдикти казуу үчүн 1600 сомдон акы алышкан. Багбан 60 метр тереңдикти каздыруу үчүн 96 миң сом акы төлөгөн.

«Бул бакты тамчылатып сугаруу жолун жасоого 180 миң сом акча сарптадым. Ал эми көчөттөрдү отургузууга 150 миң сом кетти. Былтыр бактардын биринчи мөмөсүнөн 50 миң сом киреше таптым. Быйыл кудай буйруса 100 миң сомдон ашык киреше табууну пландалып жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле мал чарба менен да иштейт. 20 жыл мурда түптөлгөн мал чарбада койлордун саны 250гө жетти.

«Атам мал чарбасын жакшы көргөн адам болгон. Мен дагы анын жолун жолдоп, мал чарба жана багбанчылыкты өздөштүрүп келем. Алгач мал чарбаны Тажикстандан 50 баш гиссар кой алып келип баштагам. 2016-жылы Афганистандан эт багытындагы 66 баш кой алдырдым. Быйыл да ошол эле породадан 90 кой, 20 кочкор алып келдим», - деди ал.

Койлорду Афганистандан алып келүүдө бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирген. Лейлекке алып келгиче бардык чыгымдар кошулуп, ар бир койдун баасы 35 миң сомго чыккан. Бүгүнкү күндө бул койлор базарда 35 миң сомдон сатылат. Аларды алуучу кардарлардын саны да көп. Бирок фермер аларды сатпастан, дагы көбөйтүүнү пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×