Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусу, Баткен 14.04.2019 10:31 На русском

Баткенде бир катар объекттердин абалы текшерилди

Turmush -  12-апрелде Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров Баткен шаарында курулушу жүрүп жаткан объекттердин жана эс алуу жайларынын абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алгач Баткен шаарындагы өнөр жай талаасында болуп, ал жерде иштеп баштаган чакан заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда бул аймакта темир-бетон ишканасы иштейт. Шаар мэри Мамыржан Рахимов жалпы аянты 176 гектар болгон бул жердин категориясын өзгөртүү менен трансформациялоо маселеси чечилсе, шаардын өнүгүүсүнө салым кошчу бир катар ишканалар ачылып, кошуна мамлекеттер менен биргелешкен ишканаларды куруу пландары ишке аша тургандыгын белгледи.

Андан тышкары Баткен шаарындагы борбордук стадиондун абалы текшерилди. А.Мадумаров стадионду оңдоп-түзөө боюнча башкы план иштеп чыгуу менен ичиндеги талапка жооп бербеген бассейнди жабуу, курулушу бүтпөй калган имараттардын маселесин мыйзам чегинде чечүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле Баткен шаарындагы «Манас» комплекси менен, ага жанаша жайгашкан сейил бактын абалы менен таанышып, эс алуучулар үчүн мыкты шарттарды жаратууда ишкерлер менен биргеликте иш алып барууну сунуштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×