Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуКара-Суу району 13.04.2019 10:42 На русском

1 млн сом, бир нече техниканын тетиктери: Кара-суулук С.Сыдыков 230 аттын күчү бар трактор жасап чыкты. Видео

Turmush -  Кара-Суу районунун Эркин айылынын тургуну Сайфидин Сыдыков 1 млн сомго кубаттуулугу 230 аттын күчүнө барабар тракторду кураштырып чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Устанын өзүнүн айтымында, тракторду жасоого 1 жылдан ашык убакыт кеткен. Азыр тракторун сыноодон өткөрүү менен бирге жергиликтүүлөрдүн жерлерин айдоо менен алек.

«Кара-Сууда дыйкандар пахтаны көп эккендиктен жерди тереңирээк, анан бат айдоого туура келет. Ошондуктан жерди тереңирээк айдай ала турган техника керек болчу. Мындан улам кубаттуулугу жогору болгон трактор жасоону пландадык. Мурда жерлерди кубаттуулугу 82 аттын күчүнө тең тракторлор менен айдачубуз. Алардын сокосу жерди 20 см эле тереңдикте айдайт экен. Жаңы жасалган трактор менен 35-40 см тереңдикте айдаса болот. Бул тракторду жасоого 1 жылдан ашуун убакыт кетти. Көбүнчө тетиктерди табууда кыйынчылыктар жаралды», - деди ал.

Трактор ар түрдүү техникалардын тетиктеринен куралган. Ага «КрАЗдын» кыймылдаткычы коюлуп, «МАЗдын» коробкасы басылган. Трактордун калган жагына 150 аттын күчүнө тең трактордун тетиктери колдонулган. Арткы 2 чоң дөңгөлөк кубаттуулугу 700 аттын күчүнө тең техникага тиешелүү болсо, алды жагына 150 аттын күчүнө тең трактордун дөңгөлөктөрү орнотулган. Ички системасынын кубаттуулугу 90 аттын күчүнө тең, Кытайдан чыгарылган трактордун тетиктери менен жабдылган. Башкаруу тетигине «Хендай Портердин» тетиги коюлган.

Сайфидин Сыдыковдун коңшулары анын тракторду жасай турганына ишенген эмес. Кушбак Абдразаков да кошунасы тракторду куруу үчүн бир топ каражат сарптагандыгын белгиледи.

«Бул трактор 1 гектар жерди айдаш үчүн 20 литр күйүүчү май керектейт экен. Сайфидин Сыдыков муну жасап баштаганда анчалык деле ишенген эмеспиз. Айрыкча ал тетиктерди көптөгөн эмгектер менен сатып алды», - деди Абдразаков.

Кара-Суу району боюнча 1 миңден ашуун айыл чарба техникалары бар. Ал эми район боюнча 49 миң 527 гектар айдоо жерлери бар. Анын 10 миң гектарына жүгөрү, 8 миң 200 гектарына пахта эгилет. Калган жерде жашылча-жемиштер өстүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×