Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 12.04.2019 17:36

Таласта боло турган тынчтык митингди стадиондо өткөрүүгө уруксат берилди

Центральная площадь города Талас
Центральная площадь города Талас
// Turmush

Turmush -  Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келишине байланыштуу 13-апрелде Таласта боло турган тынчтык митингди стадиондо өткөрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Талас шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин «Республика» партиясынын өкүлдөрү Талас шаарындагы борбордук аянтка тынчтык митинг өткөрүүнү суранып мэрияга кайрылган. Бирок мэрия ал күнү аянтта АРИСтин иш-чарасы өтө тургандыгын билдирип, митингди стадиондо өткөрүүнү сунуштаган. Мэрия аталган митингдин стадиондо өтүшү боюнча чечимдин мыйзамдуулугун карап берүүнү суранып, сотко кат жазган. Сот катты карап чыгып, аны канааттандырды.

«Арыз берүүчү Талас шаарынын мэри А.Жузупбековдун арызы канааттандырылсын. Талас шаардык мэриясынын 11-апрелдеги №36 сандуу чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылсын. Чечимге 24 сааттын ичинде даттануу мүмкүн», - деп айтылат соттун чечиминде.

Окуя тууралуу:

Буга чейин интернет колдонуучулар Талас шаарынын мэри А.Жузупбековдун «Республика» партиясынын төрайымы А.Молдожунусовага жазган катын жарыялашкан.

Катта мэрия аталган партиянын Талас шаарындагы Бердике баатыр көчөсүндө тынчтык митингин өткөрүү боюнча билдирүүсүн алгандыгы айтылган. Мэрдин жообунда 13-апрелде саат 14:00дөн 17:00гө чейин борбордук аянтта АРИС уюмунун жайыт комитеттерине 74 мотоцикл тапшыруу иш-чарасы өтө тургандыгы белгиленген. Андыктан тынчтык митингине катышпаган адамдардын коопсуздугун, укуктарын коргоо максатында аталган жайда митинг өткөрүүгө тыюу салынган.

«Талас шаардык мэриясы тынч чогулушка суралган ордун карап, аталган аянтта мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдары, мектепке чейинки балдар мекемелери жана жалпы билим берүү уюмдары жайгашкандыгына байланыштуу КРнын «Тынч чогулуштар жөнүндөгү» мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, суралган жерге тынч митинг өткөрүү мүмкүн эмес жана 2019-жылдын 13-апрелинде саат 14:00дөн 17:00гө чейин аталган аянтта АРИС тарабынан жайыт комитеттерине 74 даана мотоцикл берүү иш-чарасы өтөт. Андыктан тынч чогулушка катышпаган жарандардын саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында 2019-жылдын 13-апрелинде Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндөгү КРнын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн административдик имаратынын алдында «Республика» партиясы тарабынан уюштурулуп жаткан тынч чогулушту өткөрүүгө 2019-жылдын 11-апрелиндеги №36 сандуу чечими менен тыюу салганын билдирет. Ошого байланыштуу Талас шаардык мэриясы тынч чогулушту 13-апрелде Э.Кутманалиев атындагы стадиондо өткөрүүнү сунуштайт», - деп айтылган мэрдин жазган жообунда.

Ал эми Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев мэрия тынчтык митингди стадиондо өткөрүү боюнча сотко кат жазышкандыгын белгилеген болчу.

«Мэрияга тынчтык митинги тууралуу кат 10-апрель күнү саат 18:30 чамасында келип түштү. Мен катты координациялык кеңешмеге салдым. Ал күнү Талас шаарынын борбордук аянтында АРИС программасынын жайыттар боюнча иш-чарасы өтөт экен. Алар иш-чара боюнча катын 9-апрель күнү беришкен. Биз каршылык кылган жокпуз. Болгону ордун алмаштырдык. Тынчтык митингин Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондо өткөрүү боюнча сотко кат жаздык. Талас шаардык сотунун чечими бүгүн саат 14:00дө чыгат», - деген Курманалиев.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга кайтып келерин билдирген. Анын тарапташтары ал күнү тынчтык митингин өткөрүүнү пландап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×