Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуТалас району 14.04.2019 19:38

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Таалай мырза атадан өткөн өнөрдү аркалап, сүрөтчү болууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 21 жаштагы тургуну Жамалбек уулу Таалай ар кандай сүрөттөрдү тартуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сүрөтчүлүк өнөр атасынан өткөн.

«Мен кичине кезимден эле сүрөт чөйрөсүндөгү адамдардан тарбия алып чоңойдум. Атам Жамалбек сүрөттүн бардык жанрында мыкты чебер, устат болчу. Убагында Москва шаарына барып, билимин тереңдетип, кийин ушул айылда сүрөтчүлүк менен алектенген. Өзү чоң сүрөттөрдү тартып жатканда мени сөзсүз жанына алып алчу. Мага дагы ар түрдүү тапшырмаларды берип койчу. Атам менин бул өнөрдү аркалап кетериме көзү жетти көрүнөт, 8-классты аяктаган соң Бишкек шаарындагы Т.Сыдыков атындагы көркөм сүрөт балдар жатак мектебине окууга жиберди. Ал жерде окуу мага көп деле кыйынчылык жараткан жок. Анткени мен кичине кезимден эле сүрөтчүнүн колунда тарбияландым. Ал жер мага өзгөчө шык тартуулап турчу. Жанымдагы дос балдарым өзүм менен бир өнөрдү аркалап келе жаткан балдар. Бири-бирибизге жакшы ойлорубузду айтып, жаңы ыкмалар менен бөлүшүп жакшы чыгарма жаралышына себеп болуп турчу. Мен Т.Сыдыков көркөм сүрөт окуу жайын аяктап жатканда дипломдук ишке тарткан сүрөтүм ушул күнгө чейин окуу жайдын ардактуу жеринде илинип турат экен.

Бирок мен бул өнөрдү токтотуп, азыркы учурда башка иштер менен алек болуп жатам. Кээде окуу жайлардан же болбосо портрет керек болгон кардарлар буйрутма менен сүрөт тарттырып кетишет.
Мага көпчүлүк учурда кыз-жигиттер келип, сүрөттөрүн тарттырышат», - деди ал.

Сүрөтчү жигит учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×