Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Баракелде, Бишкек 12.04.2019 11:18

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү ыктымал

Turmush -  12-апрелден 15-апрелге чейин жаай турган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 246-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×