Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Баткен облусу, Сүлүктү 11.04.2019 10:47 Жаңыланды: 11.04.2019 19:00 На русском

Айнек сөөк оорусуна карабай, өмүрүн тобокелге салып эне болгон Гүлмайрамдын тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн 27 жаштагы Алымбек кызы Гүлмайрам тубаса айнек сөөк оорусу менен жабыркап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал ооруганына байланыштуу үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келишкен.

«Мен карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам пенсияга чыкканга чейин кыш заводунда иштеген, апам мени карап үйдө болчу. Мен 2 жашка чыкканымда оорума байланыштуу Бишкек шаарына келип, ошол бойдон калып калганбыз. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусумун, уулу агам жана бир иним бар. Оорума байланыштуу 5-класска чейин «Максат» реабилитациялык борборунда окудум, андан ары 9-класска чейин мугалимдер үйдөн окутушту. Чынын айтканда үйдөн окуган мага жаккан жок. Кийин бир кесип тандап, ошол багытта билим алуу мага кыйындай туюлду. Учурда үйдөмүн, бирок окуумду улантып, бир кесиптин ээси болгум келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын баары окуп, билим алгысы келсе керек. Бирок биздин окуу жайларда тиешелүү шарттардын жоктугу бир топ эле ыңгайсыздык жаратат», - дейт ал.

Анын айтымында, дарыгерлер анын оорусу сейрек кездешүүчү оорулардын катарына кирерин айтышкан.

«Илимий тилде жетилбеген остиогенез, ал эми кыргызча айнек сөөк оорусу деп коюшат экен. Тубаса оору болгондуктан дабасы да жок экен. Апамдын айтуусунда, төрөлгөндө бул оорунун белгилери байкалган эмес. 2 жашка чыкканда баспаганымдан улам айылдагы дарыгерлерге көрсөтүшсө, алар Бишкекке жөнөтүшкөн. Бул жактан Травматология илим изилдөө борборундагы балдар бөлүмүндөгү Каныбек Бегалиев деген балдар ортопедине туш болгонбуз. К.Бегалиев 7 жашка толгонумда сөөктөрүмдү рентгенге тартып, бизди Москвага жиберген. Ошол жактагы дарыгерлер аркылуу жогоруда айтылган диагнозду койгон. Ошентип кичинекей кезимден бери жыгылсам же туура эмес кыймылдасам бутум сынып кетет, сынган сайын операция жасалат.

Кичинекей кезимде мен эле ушундай болсом керек деп ойлочу элем. Эс тартып калганда мага абдан оор болду. Себеби окуюн десем баса албайм, иштемек түгүл үйдөн чыга албайм. Курбу же санаалаштарым дагы жок эле. Китеп окуп, сыналгы көп көрүп, ар кандай кийимдерди тиккенди жакшы көрчүмүн. Үйдө чоң энемдин кийим тиккен машинасы менен алаксыйт элем. Кийинчерээк кошуна эженин жардамы менен цехке барып, кийим тиккенди жакшылап үйрөндүм. Машинеде отуруп иштегенден ырахат алам, эс алам.

Сыналгыдан «Теңдик» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Казакунова эжени көрүп, аны менен кантип байланышсам болот деп жүрчүмүн. Бир күнү номурун таап, ага байланышып калдым, ошол учурдан баштап жашоом өзгөрдү десем болот. Гүлмира эже мени жайкы лагерге, мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин мектебине чакырды. Ал жактан мен көп нерсени үйрөндүм. Гүлмира эже мени «Теңдик» коомуна жумушка алды, андан кийин «Назик кыз» коомдук бирикмесине жумушка кирдим, ошентип жашоом өзгөрүп баштады», - дейт Гүлмайрам.

Анын айтымында, ал жумушу аркылуу болочок жолдошу менен таанышкан.

«Жумушта 3 ай иштеген соң жолдошум менен таанышып, 1 айдан кийин эле турмушка чыктым. Турмушка чыккан соң 1 жылда 2 жолу бутум сынып, бир топ оор болду. Ал учур мурдагыга караганда жеңил өттү десем болот. Жолдошум, Гүлмира эже, Укей эже («Назик кыз» коомдук бирикмесинин жетекчиси), ата-энем жардам берип, колдоп жүрүштү.

Жолдошум менен 2016-жылы баш кошконбуз. Анын дагы 2-топтогу майыптыгы бар. Экөөбүз таанышкандан кийин 1 ай өткөн соң үйлөндүк. Ошол учурлар мен үчүн түшүмдө болуп жаткандай эле болду. Анткени мен «турмушка чыкпайм, мени ким алмак эле» деп ойлочумун. Үйлөнгөнүбүзгө 1 ай болгондо бутум сынып, операция болдум, андан соң 6 айдан кийин кайра сынып, дагы операция болуп, төшөктө жатып калдым. Мен операция болгондо жолдошум да ооруп, бутунан операция болду. Ошондон уламбы жашаганыбызга 3 жыл болсо дагы, 10-15 жылдан бери чогуу жашагандай сезиле берет. Акыркы операциядан 1 жыл өткөндөн кийин кош бойлуу экенимди билдим. Башымдан өткөн акыркы кыйынчылыктардын бири кош бойлуу учурум болду.

Дарыгерлер «сага төрөгөнгө болбойт, өмүрүң үчүн абдан кооптуу» деп мага тыюу салышты. Ошол учурда эмне кыларымды билбей калган элем. Аягында тобокелге салып, дарыгерлердин айтканына көнбөй, баарын жараткандын буйругуна койдум. Кандай жагдай болсо дагы кабыл алууга өзүмдү даярдадым. Бул чечимди кабыл алуу мен үчүн абдан оор болду, себеби бул менин өмүрүмдөгү акыркы чечим болуп калышы мүмкүн эле. Кош бойлуу кезимде ар бир күнүм коркунуч менен өтүп жатты. Тилегеним эле аман-эсен көз жарып алуу эле. Ар бир күнүм кыйынчылык менен өтсө дагы кызымды жарык дүйнөгө алып келдим. Эне болуу бактысын сездим. Жаратканга миң мертебе шүгүр, кыздуу болдук. Азыр кызыма 6 ай болду. Балалуу болгондон кийин гана эненин сүтүн актай албай турганыбызды түшүндүм», - дейт ал.

Гүлмайрам учурда жолдошу экөө турак жайга муктаж болуп жатышканын айтат.

«Кызыбыз төрөлгөндөн кийин гана үй керек деген маселелер жаралды. Ага чейин оору менен алышып жүрүп, аман-эсен көз жарып алууну тилек кылып жүрүп, турак жай маселесин эске албаптырбыз. Өкмөттөн үй берилет деп, ал жакта 6-7 жылдан бери кезекте турам. Мэрияга жана акимиатка дагы кайрылып, алардан «биздин баланста үй жок» деген жооп алдым. Президенттин аппаратына кайрылсам, ал жактан Мамлекеттик ипотекалык компанияга жөнөтүштү. Өлкө башчы биздин үнүбүздү укса, кийинки жылды мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жылы деп белгилеп, биздей үй-бүлөлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүшсө деген оюмду айтат элем.

Келечекте кызымдын атынан «Айша» аттуу кайрымдуулук фонд ачсам деген тилегим бар. Туруктуу кирешебиз жок болгондуктан бир аз материалдык жактан кыйналып келебиз, ошондуктан тигүү цехин ачып, жолдошумдун чакан устаканасын өнүктүрсөк деген максаттарыбыз бар», - деди Алымбек кызы Гүлмайрам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×