Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусуКадамжай району 10.04.2019 19:48

Кадамжайдагы мыкты мугалимдер Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алышты (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунда өткөн «Жылдын мыкты мугалими-2019» кароо-сынагынын жеңүүчүсү болуп Алтынай Мурзаева табылды. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган сынак 9-10-апрель күндөрү өттү. Ага район боюнча 11 катышуучу катышкан. Анын жыйынтыгында Исфайрам орто мектебинин география сабагы боюнча мугалими Алтынай Мурзаева баш байгени жеңип алды.

Ал эми 1-орунду Молдо Нияз атындагы гимназия-мектебинин мугалими, 2-орунду Сары-Алтын орто мектебинин мугалими, 3-орунду «Охна» гимназия-мектебинин мугалими ээледи. Калган катышуучулар дагы райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин баалуу белектерине ээ болушту. Ошондой эле бардык катышуучулар Ысык-Көлгө 5 кундук эс алууга жолдомо алышты.

Андан тышкары сынакка катышкан мугалимдерге райондогу айыл өкмөттөрдүн сыйлыктары дагы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×