Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусуБакай-Ата району 11.04.2019 09:09 На русском

14 жылда миллионер болгон үй-бүлө: А.Алашбаевдин мээнети жана ийгилиги. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 56 жаштагы тургуну Ашым Алашбаев мал чарбачылык, багбанчылык менен алектенип, ишкерлик кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Апам бөлүнгөндө 10 кой берген

Мал чарба, багбанчылык, дыйканчылык, техника иштетүүнүн баарын колхоз тарагандан кийин өздөштүрдүм. Атам бала кезибизде каза болуп калган. 1990-жылы бөлүнгөм. Апам ыраматылык 10 кой бөлүп берген. Ошондо берген койдун башын көбөйттүм. Уй, жылкы, тоок да кармадым. Айылда багуу ыңгайсыз болгондуктан 2004-жылы айылдын сыртына, тоо жакка сарай салып, койду көбөйтүп, анан иргегенге да үлгүрдүм. Азыр баары гиссар койлор. Кышкысын сарайда же кыштоого барат. Жайкысын Чаткалга жайлоого чыгат. Үй-бүлөлүк чарба десем болот.

Мал сарайда жашап жүрүп кепе салдык

Бул сарай турган жерибиз колхоздон калган, суу келбеген жер болчу. Бузулуп, тамтыгы чыккан сарайды өзүмө алып, аны орду-түбү менен сүрдүрдүм. Жанына трактор менен суу ташып жүрүп ылай жасап, усталарга сарай салдырдым. Мал сугарганга сууну тракторлор менен 1 км жерден ташып келебиз. 4 км жерден сууну шланга менен тартып келүү керек болуп жатат. Аны казууга техника керек болууда. Анан дагы сарайга жаңы көчүп келген жылдары сарайдын үстү жабыла элек болчу. Там салына элек, сарайдын ичине койлордун жанына кепе куруп, 2 жыл там бүткүчө короонун ичинде жашаганбыз. Жаңы келген жылы күн суук, отун жок. Кошуна сарайдагылар элден уй чогултчу. Балдарым ошол уйлардын талаадагы тезектерин терип келип жакчу. Сарайда бир кыш үстү жабыла элек боюнча кыштаганбыз. Ал учурда айыл өкмөттө иштечүмүн. Келинчегим айылда мугалим болуп иштейт. Бир бутум айылда же жумушумда, бир бутум сарайда болчу.

Мал азабы көр азабы

Малда жүргөндө эсте калган көп учурлар болот. Мындан 4 жыл мурун койлор ооруп, 60 баш кой 1 жуманын ичинде кырылып калган. Ошол жылы Чаткал жайлоосунан койду айдап келе жатып, түндө койго карышкыр тийип, 43 койду карышкыр кырып кеткен. Ошол жылы киреше өзүн-өзү жаба албай калган. Кой жайып жүргөндө катуу жамгыр жаап, койлор баспай коюп, түнү менен тоонун чокусунда койлор менен кошо суу болуп жаткан учур көп эле болду. «Мал азабы көр азабы» дегендей, кыйынчылыгы өтө көп. Койлордун саны 500гө жетет. Уйдан 8 баш, жылкыдан 3 баш бар. Үйдө 30 чакты таза кандуу кочкор кармайм.

Насыя алгандан корком

Чарбачылыкты өнүктүрүү үчүн насыя алган жокмун. Өзүм насыя алгандан корком. Салык кой башына 14 сомдон, жылкыга 100 сом, уй 80 сомдон. Өзүбүздүн үлүш жерибизге чөп-чар айдап, жетпегенин сатып алабыз. Чарбадан жылына 1,5 млн сомдой киреше түшүп, 700 миң сомдой чыгым болот. Гиссар койлор август айында жетилип калат. Сатып алуучу кардарларыбыз бар. Алар кайсыл жакка алып кетип жатканын билбейм. Кочкорду сураштырып келип сатып алышат. Чаткалдан да сатылат.

Багбанчылыкка эбегейсиз эмгек кетти

Сарайдын жанында 10 гектар жер бар. Ага беде, буудай эгебиз. Бак, сарай бардыгы 5 гектар аянтты ээлейт. Жылына 5 гектарга салыгын убагында төлөп турабыз. 150 түп алма, 1000 түп кара өрүк, 100 түп алмурут, 30 түп алча, 500 түп терек бар. Бак өстүрүүнү алма, кара өрүк, терек тигүү менен баштадым. Суу жок, трактор бузулуп калганда эшек менен суу ташып, алма, өрүктүн түптөрүнө кумган менен куюп чыкчубуз. Суу ташып жүрүп бардыгын өстүрдүм. Кыскасы «адам баласынын колу тийген жер гүлстан» дегендей эч нерсе өспөгөн, суу келбеген жерге 5 гектар бак өстүрүп, сарай салып, мал кылдым. Мунун баары сөз менен айтып жеткире алгыз мээнетти талап кылды. Азыр эсептесем бак тигип, сарай салганыбызга 14 жыл болуптур. Баары артта калды.

Суу маселеси чечилсе чарбаны дагы өнүктүрө алам

Малды, багбанчылыкты дыйканчылыкты, техниканын сырын беш колдой билип калдым. Бактарды, малды өзүм дарылап, бутап, техниканы өзүм иштетем. Эгер суу маселеси чечилсе чарбаны 2-3 эсе өстүргөнгө көзүм жетет. Кыскасы мээнетимдин үзүрүн көрө баштадым. Чарбабызга эч ким жардам берген жок. Өзүбүз сатып алган 2 трактор бар. Алар бардык шаймандары менен камсыздалган. Мындан тышкары жеңил унаа бар.

Балдарым ишимди улантып кетсе экен дейм

Бул иштердин пайдалуу жагы — курсак ток, кийим бүтүн. Кыскасын айтканда өлкөдө завод, фабрика, өндүрүш жокко эсе болуп, айлык акы аз болгондон кийин ушул мал, багбанчылык, техника, дыйканчылык жагына өттүм. Өзүм Оро айыл өкмөтүндө 15 жыл айыл башчы болуп иштеп, азыр пенсиядамын. 3 уул, 2 кызым бар. Кыздарым турмушта. 3 балам азыр колумда, бөлүнө элек. Ортончу уулум архитектура тармагын былтыр бүттү. Бирок айлык акы канааттандырбагандыктан азырынча бул жакта эле мал багууда. Балдарым улантып кетсе экен деген тилегим бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×