Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баракелде, Бишкек 09.04.2019 09:41

12-апрелге чейин Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болушу мүмкүн

Turmush -  10-апрелден 12-апрелге чейин Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

9-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы:

Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×