Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.04.2019 14:46 На русском

Сүрөт — Балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайлардын биринин денеси табылды

Turmush -  Бүгүн, 7-апрель күнү балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайлардын биринин денеси табылганын аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Жети-Өгүз районунун Кирпич айылынын тургуну Юрий Новиков жана Роза Новикова изделип жаткан. Бүгүн көлдүн жээгинен Ю.Новиковдун денеси табылган.

Буга чейин ӨКМ жубайлардын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат куткаруучуларга 3-март күнү саат 12:10 чамасында түшкөнүн билдирген. Жубайлар 28-февралдан 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгондугу айтылган.
Айыл тургундарынын айтымында, изделип жаткан жубайлар — Новиков Юрий 1980-жылы, Новикова Роза 1978-жылы туулган. Алардын улуу кызы Диана 8-класста, кичүү уулу Данил 2-класста окуйт. Бул үй-бүлө аз камсыз болгондуктан жубайлар буга чейин жалданма иштерге чыгып, 2 баласын багып келишкен.

Маалым болгондой, алгач жубайлардын туугандары алардын дайынсыз болгонун билишкен эмес. Алар балык улоого чыккандыктан, балык өткөрүп жүрүшөт деп ойлошкон. Качан гана алардын кайыгы табылганда өздөрүн издеп, тийиштүү органдарга кайрылышкан.

Буга чейин Turmush басылмасы жубайлар — Юрий Новиков менен Роза Новикованын балдары багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө берилерин билдирген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы Манас Алымов маалымдаган.

Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча документтер даярдалып жатат.

«Жубайлар табылгыча алардын эки баласын Кызыл-Суу айылындагы фостердик үй-бүлөгө убактылуу жайгаштырып турабыз. Азыр алар таежеси Айзат Токтогулованын үйүндө. Документтери даярдалып жатат. А.Токтогулованын документи жок болуп жаткандыктан, аны даярдоого убакыт керек болууда. Ата-энесинин сөөгү табылып, соттук-медициналык эксперттер бүтүм чыгармайынча асыроого берилбейт экен», - деген М.Алымов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×