Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусу, Нарын 06.04.2019 15:54

Нарын мамлекеттик университетине жаңы ректор шайланды

Таштанбек Сияев
Таштанбек Сияев

Turmush -  Бүгүн, 6-апрель күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жаңы ректору шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шайлоодо жалпысынан 213 мугалим добуш берген. Анда Дамира Өмүралиева 105 добуш топтосо, Таштанбек Сияев 102 добуш алып, шайлоонун 2-туру өткөрүлгөн. 2-турда Таштанбек Сияев 110 добуш менен алдыга чыгып, ректор болуп шайланды.

Т.Сияев Нарын мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору. Педагогика илимдеринин доктору.

Буга чейин аталган окуу жайдын ректору болуп Дамира Өмүралиева иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×