Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Баракелде, Бишкек 05.04.2019 12:56 На русском

Миландагы Нооруз жана каада-салт: Италиялык жигит кыргыз кызын алып кетти. Сүрөт

Turmush -  Италиянын Милан шаарында жашаган кыргыздар тарабынан 2015-жылдан бери Нооруз майрамы белгиленип келет. Быйылкы жылы алар жаңы жылды казактар менен чогуу тосушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Миландагы Кыргызстан-Италия ассоциациясынын президенти Бурмачач Томоева билдирди.

«Бизде Нооруз майрамы 2015-жылдан бери уюштурулуп келет. Башында иш-чараны кыргыздар өзүбүз эле өткөрүп келгенбиз. Былтыркы жылдан баштап казак бир боорлорубуз менен чогуу уюштура баштадык. Быйыл Казакстан ассоциациясы кошулду. Негизи майрамдык иш-чарага 110 адам күткөнбүз, бирок 140 адам келди. Милан шаарынын борборунда жайгашкан атактуу ресторандардын биринде өттү. Көрүүчүлөр орун жетпей турса да кетип калбай, аягына чейин аябай кызыгып көрүштү.

Иш-чаранын башын жаштарыбыз кыргыз-казак музыкасынын коштоосунда кыргыз бий менен ачып беришти. Андан кийин биз орус, итальян тилдеринде Нооруз майрамы жөнүндө айтып бердик», - деди ал.

Ноорузда кыргыз жана казак элдеринин каада-салттары көрсөтүлгөн.

«Жергиликтүү тургундарга кыз узатуу тоюн көрсөтүп бердик. Улуттук кийимдерибиз дагы абдан жакшы болду. Кадимки тойдой эле болду. Кыз узатууга катышкан италиялык жигит өзү жараткан образга ишенгиси келип, «чын эле үйлөнүп жатам» деп кечке чейин бизди тамашалап жүрдү.

Ошондой эле ырчы Гүлнур Сатылганова Кыргызстандан келип, майрамдын көркүн ачып кетти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×