Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.04.2019 08:10 На русском

Үч айлык баласын жон баштыкка салып алып, гид болуп иштеген Гүлжандын кызыктары (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын 39 жаштагы тургуну Гүлжан Кожомкулова туризм тармагында 14 жылдан бери гид болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн. Кесиби боюнча немис тилчи мугалим. Учурда Каракол шаарындагы конок үйлөрдүн бирин иштетет жана немис, нидерланд тилдеринен котормочу-гид болуп иштейт.

«Кыргызстандын жаратылышына, тоолоруна болгон сүйүүм гид болуп иштөөгө түрткү болду. Бул иштин жоопкерчилиги дагы чоң. Негизинен мен Германиядан, Нидерланддан, Австриядан, Швейцариядан келген туристтерди коштоп жүрөм. Алардан тышкары Франциядан, Бельгиядан, Израилден туристтер көп келишет. Аларга ылайыкталып түзүлгөн турга жараша ар кандай шартта, кээде жөө, кээде унаа менен жол жүрүп, конок үйлөрдө, боз үй жана чатырларда түнөгөн учурлар болот. Келген туристтерге бир гана жаратылышты көргөзбөстөн кыргыз элинин нарк-насили тууралуу дагы айтып берем. Чет элдик меймандарга Кыргызстан жөнүндө жакшы таасир калтырууга аракет кылам. Анткени алар ыраазы болуп кетишсе, келечекте артынан дагы туристтерди ээрчитип келишет деген ойдомун. Келген коноктордун баары эле жаратылыштын кооздугуна, элдин меймандостугуна суктанып кетишет», - дейт Гүлжан Кожомкулова.

Анын айтымында, чет элдик меймандар менен убакыт өткөргөн абдан кызыктуу.

«Күн сайын жаңы адамдарды тосуп алабыз, ар түрдүү адамдар менен таанышабыз. Өзгөчө жаңы иштей баштаганда кызыктуу окуялар көп болду. Жаңы гид болуп иштеп баштаганда ат минип, туристтер менен тоого чыктык. Ага чейин атты жакшы мине алчу эмес элем. Үйгө кайтып келе жатканда үчөөбүз ат менен кыска аралыкка жарышмай болдук. Менин атым «чу» дегенде эле ала качып кетти. Ооздугун тартып, араң токтоттум. Артымдан чогуу жүргөн жергиликтүү гид кууп жетти. Мен ага сыр билдирбей: «Ат чаптырганды билбейт турбайсыңбы, карачы менден калып калдың», дедим. Ал баарына мени кыйын ат чаптырат экен деп айтып барыптыр. Мени дароо эле кыз куумай оюнуна түшүрүп коюшту. Экинчи жолу кыз куумайга түшкөндөн кийин эле ат чаптырганды жакшы билип калдым», - дейт ал.

Г.Кожомкулова туристтер менен жүргөндө балдары да жанында болот.

«Бош убактымда китеп окуйм, тоолорго жөө чыгып келем, сууга түшөм, эми лыжа тепкенди үйрөнө баштадым. Эки балам бар, бири 6, экинчиси 4 жашта. Көп учурда аларды жаныма алып алам. Алар дагы анча-мынча чет тилде сүйлөп калышты. Балдарым жумушума жолтоо деле болбойт, тескерисинче мага куч-кубат берип турушат. Улуу балам жаңы төрөлүп, үч ай гана болгондо аны жон баштыкка салып алып, туристтер менен тоого чыгып келчүмүн.

Дүйнөнүн көп эле жерин кыдырдым. Бирок баары бир туулган жер баарынан сулуу көрүнөт экен. Өз жерибизди барктап, анын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу деп айтат элем. Менимче Кыргызстандагы туризмди өнүккөн өлкөлөргө салыштыра берген болбойт. Биз дагы келечекте алардын катарына кошулабыз деп ойлойм. Бизде кышкы, жайкы туризмди бирдей өнүктүрсө болот. Өлкөдөгү инфраструктуранын жоктугу, жолдордун начардыгы, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келе турган эс алуучу жайлардын, мейманканалардын аздыгы туризм тармагын аксатып жатат. Бул көйгөйлөр айтпасак деле белгилүү. Кыргызстанды башка өлкөлөргө таанытып, туристтерди тартуу жогорку жакта иштеген адамдардын милдети, ал эми келген конокторду жакшы тосуп алуу бул ишкерлердин, гиддердин жана жөн гана элдин милдети десек болот», - деп кошумчалады Гүлжан Кожомкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×