Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусуТалас району 02.04.2019 15:56

Айыл турмушу: Таластык уста Н.Байгөнчөков үйүндө жасаган чөп кескич жабдыкты көрүп кеткендер көп (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 62 жаштагы тургуну Нургазы Байгөнчөков үйүндө темир ширетип, устачылык кылат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

«Мен бул эмгегимдин алгачкы чыйырын «Арал» колхозуна сүрөтчү болуудан баштадым. Кийин колхоз тарагандан соң өз алдымча жыгачтар менен алектенип, бешик, манеж, эшик-терезелерди жасап жүрдүм. Кудай өнөрдү берген соң тим жата албайт экенсиң да. Акырындык менен темир иштетүүгө дагы аралаша баштадым. Азыр мурункудай бешик, эшик-терезеге суроо-талап жок болгондугуна байланыштуу бир жагынан темир ширетүүгө туура келди.

Өткөн жылы түк чөптөрдү майдалай турган атайын бир шайман ойлоп таап, ишке киргиздим эле. Быйыл экинчи жылы пайдаланып, убайын көрүп жатабыз. Мурун ар бирин чөп кырккан шайман менен көп күч жумшап майдаласак, азыр электр энергиясы менен атайын кыркуучу шайман иштеп, жумушубуз бир кыйла жеңилдеп калды. Муну алгач орустардын жем тарткыч чакан машинкасын көрүп келип, ошонун негизинде жасагам. Керектелүүчү шаймандарды чогулткандан тышкары 4 күндүн ичинде даяр кылып тургуздум. Атайын башка жактардан келип көрүп кетип жатышат. Буйрутма берсемби дегендер дагы бар. Буйруса жакынкы күндөрдө буйрутма алып калам деп ойлоп жатам.

Мындан тышкары жыгачтан тургузулган ажатканаларды жасатып кетишет. Көпчүлүк учурда өзүбүздүн айылдын элине бааларын төмөн кылып жасап берем. Эгер керектелүүчү каражаттарды өзү алып келсе «чоң рахматка» деле жасап берем», - деди каарманыбыз.

Уста 2 уул, 1 кыз, 8 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×