Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 02.04.2019 14:05

Айыл турмушу: Ат-Башыдагы эң жаш медайым А.Бейшенова волейболдон ийгиликтерди жаратууда

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 23 жаштагы тургуну Айгүл Бейшенова тез жардам бөлүмүндө эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинде юрист болууну кыялданчу. Бирок окууну бүткөндөн кийин ал оюн өзгөртүп, Нарын шаарындагы медициналык колледжинде билим алган.

«Мен аталган айылдын Акматалы Карыбек уулу атындагы орто мектебинен 9-класска чейин билим алгам. Бала кезимден эле юрист болууну кыялданып жүргөндүктөн, 9-классты аяктарым менен сүйгөн кесибимди аркалап калуу максатында Бишкек шаарындагы Жаңы маалыматтык технологиялар институтуна баргам. Бирок окууну аяктаган соң оюм өзгөрүп, элдин ден соолугуна кам көрүп, дарыгер болууну чечтим. Ошентип, Нарын шаарындагы медициналык колледжинин фельдшер бөлүмүндө 3 жыл окуп, артыкчылык диплом менен бүтүрдүм. Окуумду бүтөрүм менен Ат-Башы райондук аймактык оорукананын терапия бөлүмүндө медайым болуп иштедим. 2016-жылы ушул эле айылдын үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн медайымы болуп эмгектенип келсем, азыркы күндө тез жардам бөлүмүндө эмгектенүүнүн үстүндөмүн. Балалык чагымдагы кыялымды ишке ашырбасам дагы учурдагы кесибимди абдан сүйөм. Себеби биз дайыма кызыктуу окуялардын үстүндө жүрөбүз. Ошондой эле элге кызмат көрсөтүүдөн ырахат алабыз», - деди ал.

Жаш медайым мындан тышкары спорттун волейбол түрү менен машыгып, көп ийгиликтерди жаратып келген.

«Мектепте окуп жүргөндө эле волейбол оюнуна кызыгып, азыркы күнгө чейин ойноп келем. Негизи эле бош убактымды текке кетирбестен өзүмдүн ден соолугума дагы кам көрөм. Дайыма айылыбыздагы эжелер менен волейбол ойнойбуз. Биздин айылда волейбол боюнча көптөгөн командалар бар. Биз дагы өзүнчө топ болуп түзүлүп, кандай гана мелдештер болбосун өзүбүздүн активдүүлүгүбүздү көрсөтүп, алдыңкы орундарды алып, жеңиштерге жетишип келебиз. Түзүлгөн топтун капитанымын», - деди ал.

А.Бейшенова 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×