Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуНоокат району 29.03.2019 16:47 На русском

50 миң сом пара менен кармалган депутат: Жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 29-мартта Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн айрым тургундары Ноокат райондук сотунун алдына чогулушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ал жакта Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн пара менен кармалган жергиликтүү кеңешинин депутатынын жана жер адисинин кылмыш иши каралып жаткан. Белгисиз себептер менен айыпталуучулардын жактоочусу келбегендиктен, сот процесси жылдырылган. Ал эми чогулган тургундар сот ишинин созулуп жатканына нааразы болуп жатышат.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, алар айыл өкмөт башчысынан сатылган жер тилкелери боюнча документтерди көрсөтүүнү суранышкан, бирок ал көрсөтүүдөн баш тартып жатат.

Аталган сот процессинин катышуучулары — айыл өкмөттүн жер боюнча адиси И.К. жана жергиликтүү кеңештин депутаты О.С. соттун чечими чыкканча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Кутман Турсунбаев өзүнө карата айтылып жаткан бардык дооматтарды четке кагып, жер сатуу иштерине тиешеси жок экенин билдирди.

«Мен мыйзамсыз иш кылганга жол берген эмесмин. Ошондуктан ушул күнгө чейин иштеп келе жатам», - деди ал.

2018-жылдын 18-сентябрь күнү Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жашоочулары жерге байланышкан коррупциялык иштер боюнча АКИпресс-Оштогу маалымат жыйында айтышкан. Алар жер адиси пара алып жаткан жеринен кармалганына карабай боштондукта жүргөнүн билдиришкен.Ошол эле күнү аталган жер адиси айыл өкмөттүн буйругу менен кызматынан бошотулганы маалым болгон.

Окуя тууралуу:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө М.К. аттуу тургун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси жер тилкесин бергени үчүн 50 миң сом опузалап талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс) 225-берененин (мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 17-августунда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан убакта жер маселелери боюнча адис К.И. жана жергиликтүү кеңештин депутаты С.О. кармалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×