Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 27.03.2019 17:32

ОшМУ Россиянын 12 жогорку окуу жайы менен келишим түздү (сүрөт)

Turmush -  «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке инвестиция» аталышындагы Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун I форумуна Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков дагы катышып жатат. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында өтүп жаткан форумдун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университети менен Казань федералдык университетинин ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Байкал мамлекеттик университети, Воронеж мамлекеттик университети, Мари мамлекеттик университети, Сибир федералдык университети, Москва физика-техникалык университети, Владимир мамлекеттик университети, Нижегород мамлекеттик университети, Алтай мамлекеттик университети, Урал федералдык университети, Кемеровск мамлекеттик университеттери менен дагы эки тараптуу өз ара кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюлду.

Буга чейин ОшМУ Россиянын 33 жогорку окуу жайы менен кызматташып, анын алкагында окутуучулар, студенттер, магистранттар академиялык мобилдүүлүк программаларынан өтүп келишкен. Эми форумдун алкагында дагы 12 жогорку окуу жай менен кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлуп, кызматташуунун алкагы кеңейди. Учурда ОшМУнун 18 студенти, алардын ичинен 4 магистрант Россиянын жогорку окуу жайларында академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу билим алып жатышат.

Аталган форумга эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору жана Россиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×