Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.03.2019 13:48 КыргызчаНа русском

Ысык-Көлдө Нооруздун алдында жол кырсыктан уруулардын эки жүз башы каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунда жол кырсыктан каза болгон эки тургун 22-мартта акыркы сапарга узатылды.

Жаркымбай айылына Бишкек шаарынан келген Айнура [аты өзгөртүлдү] аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ал быйыл Нооруз майрамын белгилөө үчүн айылына келген.

«Мен өзүм Жаркымбай айылында туулгам, бирок Бишкек шаарында жашайм. Нооруз майрамына карата айылга келгем. Бирок эки айылдашыбыз жол кырсыктан каза болуп калып, аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып отурам. Жаркымбай айылында быйыл Нооруз майрамы майрамдалган жок.

Каза болгон айдоочу бир уруунун жүз башы болгон [жүз башы - орто кылымдарда түрк тилдүү элдерде колдонулган аскер наамы]. Жол кырсык болгон күнү Нооруз майрамына карата даярдык иштери менен алектенип жүргөн. Артында 3 эркек, 1 кызы калды. Ал эми жанындагы айылдашым дагы бир уруунун жүз башы болгон. Артында 2 кызы, 2 уулу калды. Эки айылдашыбыз тең аябагандай жакшы адамдар болчу. Айла жок, кырсык аларды бат эле арабыздан алып кетти», - деди ал.

19

Буга чейин Ысык-Көл районунда жол кырсыктан эки киши каза болгонду маалымдалган.

Маалым болгондой, жол кырсык 20-мартта саат 16:50 чамасында Балыкчы—Каракол унаа жолунун 139-чакырымында катталган. «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, Жаркымбай жана Чоң-Өрүктү айылдарынын ортосундагы аймакта бакты сүзгөн.

Жол кырсыктан улам унаанын айдоочусу — Жаркымбай айылынын 1960-жылы туулган тургуну Ж.М. жана жүргүнчү катары бара жаткан анын айылдашы — 1978-жылы туулган Н.Э. каза болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, каза болгон эки адам Нооруз майрамына карата даярданып жүрүшүп, кечинде айылга кайтып келе жатышкан. Бул жол кырсыкка байланыштуу Жаркымбай айылында Нооруз майрамын белгилебөө чечими кабыл алынды.

Жол кырсык болгон жерге жол көзөмөлдөөчүлөр барып, тиешелүү иштерди жүргүзгөн.

71

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×