Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуНарын району 23.03.2019 13:37

Нарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдорун талкуулашты (сүрөт)

Turmush -  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында коррупцияга каршы аракеттер боюнча тегерек стол уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын районунун прокурору Таалайбек Касымбеков билдирди.

Иш-чарага Нарын районундагы мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, коомдук уюмдардын жана аксакалдар сотунун төрагалары катышты.

«Иш-чарада коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын так аткарылышы жөнүндө сөз болду. Биздин максатыбыз — бардык мекемелерде коррупцияны алдын алуу жана аны жоюу. Ал үчүн кандай иш-аракеттерди жүргүзүү керектиги жөнүндө катышуучулар менен талкуу жүргүзүп, алардын ой-пикирлерин уктук», - деди Таалайбек Касымбеков.

Анын айтымында, 2018-жылы райондук прокуратура тарабынан коррупция жаатында 3 кылмыш иши козголгон.

«Январь айынан баштап жаңы мыйзамдар күчүнө кирген. 319-беренеге ылайык (Жазык кодексинин) коррупция менен кармалган адам 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул оор кылмыш болуп эсептелет», - деп кошумчалады прокурор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×