Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусу, Ош 15.03.2019 11:56

Ошто ата-энелер балдардын жолдогу коопсуздугун талкуулашты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 15-мартта Ош шаарындагы Т.Сатылганов жана Х.Абдуллаева орто мектептеринде республикалык деңгээлдеги «Көңүл бургула балдар», «Балдар биздин келечегибиз» аттуу иш-чараларынын алкагында ата-энелердин чогулушу өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарды алдын алуу, жаш балдарды автоунаада алып жүрүүдө атайын креслолорду колдонуу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай иш-чаралар Ош шаарындагы башка мектептерде дагы уланат.

2018-жылы өспүрүмдөрдүн катышуусунда 125 кырсык катталган. Анда 2 өспүрүм каза болсо, 136 бала ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×