Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.03.2019 10:50

Ак-Суунун Сары-Камыш айылындагы мектептин спорт ордосу авариялык абалда (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылындагы мектептин спорт ордосу авариялык абалда. Бул тууралуу Сары-Камыш айылынын башчысы Улан Султаш уулу билдирди.

Анын айтымында, мектеп 1988-жылы курулган. Анда 400дөн ашуун окуучу билим алып, 33 мугалим эмгектенет.

«Ошол убакыттан бери мектептин жылытуу системасы жаңыртылган эмес. Мектептин ичиндеги спорт залдын полу түшүп, авариялык абалга келген. Мындан улам долбоор жазып, 2 млн сомго капиталдык оңдоо жүргүзүүнү пландап жатабыз», - дейт ал.

Ак-Суу райондук администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиялык топтун мүчөсү Эркин Жылкыбаев комиссиянын чечими менен долбоор райондун башка айылындагы объектке багытталганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×