Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Чүй облусуСокулук району 15.03.2019 10:45

Сокулук районунда балдарга жардам көрсөтүү борбору ачылды. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Крупск айыл аймагында балдарга жардам көрсөтүү борбору ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага социалдык ѳнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов, ИИМдин жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын жетекчиси Азамат Абдрахманов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары Светлана Волкова жана «Гуд Нейборс Интернешнл» уюмунун тѳрагасы Чжун Хонг Су, ЮНИСЕФдин ѳкүлдѳрү, укук коргоочулар келип катышты.

Балдарга жардам көрсөтүү борборунда директор, юрист, социалдык коргоо кызматкери, психолог болуп жалпы 5 адам иштейт. Бул жерде зордук-зомбулукка кабылган балдарга юридикалык, психологиялык биринчи жардам кѳрсѳтүлѳт. Сокулук райондук социалдык фонд менен социалдык коргоо бөлүмүнүн имаратындагы бѳлмѳлѳр оңдоп-түзѳѳдѳн ѳтүп, атайын ушул борборго берилди.

Аталган борбордун максаты – оор шартка кабылган үй-бүлѳнүн балдарына, баланын үй-бүлөлүк чөйрөдө толук кандуу жашоосуна жардам берүү, бала багып алуучу үй-бүлѳлѳрдү ѳнүктүрүү, зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо болуп саналат.

Аталган борбор Чүй облусу боюнча алгачкы жолу ачылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.36% (366)
«РСК Банк»
35.43% (338)
«Капитал Банк»
9.33% (89)
...
Всего голосов: 954
×