Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусу, Ош 15.03.2019 10:18

Бүгүн Ош менен Баткендин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Turmush -  Бүгүн, 15-март күнү саат 8:00дөн 17:00гө чейин Ош менен Баткендин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр электр тармактарындагы пландуу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин «Ош электр» ААКтан билдиришти.

Электр жарыгы өчүрүлө турган аймактар:

- Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтү;

- Алай районунун Жошолу айыл өкмөтү;

- Кара-Суу районунун Бөрү, Кара-Сөгөт, Жыңалач, Папан айылдары;

- Баткен облусунун Кара-Булак айыл өкмөтү, Баткен шаары, Чет-Булак, Түлкү-Таш, Тура-Таш, Бүжүм кварталдары;

- Ош шаарынын Курманжан датка кичи району, Өзгүр, Төлөйкан айылдары, Калинин, Имам-Ата, Баялинов, Сары-Мазар конуштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×