Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Жалал-Абад облусуАксы району 15.03.2019 09:57 Жаңыланды: 22.03.2019 02:57

«Чубак ажы да бер деп...»: У.Маматисаева ашыктардын канынан жаралган гүлдү Аксыдагы үйүндө өстүрүп жатат

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын жашоочусу Урулкан Маматисаева Кызыл китепке кирген Айгүл гүлүн үй шартында өстүрүп, анын гүлүнө кызыгуу арткандар көбөйүүдө. Аймактык кабарчы Айгүл гүлүн өстүргөн апа менен таанышып, гүлдүн тарыхын сурап көрдү.

71 жаштагы У.Маматисаеванын айтымында, Айгүл гүлүн 10 жыл мурда алып келип отургузган.

«Мен 10 жыл мурда өзүмдүн туугандарыма — Баткенге барганда Айгүл гүлүнүн көчөтүн алып келип, жерге көмгөн элем. Кийин өсүп чыгып кайра куурап калды. 1 жыл такыр чыкпай койду. Гүлдү отургузган жер тебеленгендиктен чыкпай калыптыр. Бул гүл өскөн жерди тебелебеш керек экен. Кийин жолдошум гүл отургузулган жерди билбей, курулуш баштап салыптыр. Ал жерден гүлдү көчүрүп, башка жакка отургуздум. Айгүл гүлүнүн тамыры 60-70 см тереңдеп өсөт экен», - дейт ал.

Аксыда өсүп жаткан Айгүл гүлү алгач 2015-жылы гүл ачкан. Кийин 2017-жылы гүл ачса, быйыл 8-мартта гүлдөгөн.

«Негизинен Айгүл гүлүн алып келип отургузгандан бери 3 ирет гүл ачты. Алгач 2015-жылы гүл ачкан. 2016-жылы гүл жерден чыкпай калды. Бирок 2017-жылы чыгып, гүл ачкан. Быйыл 8-мартта гүл ачты. Жыл өткөн сайын гүлдүн бою узарып, гүлдөрү дагы көбөйөт экен. Жаз келери менен чыгып, тез эле гүл ачат экен. Бирок 1 айга жетпей куурап калат. Азыр көркүнө чыгып гүлдөп турган чагы. Айгүл гүлү гүлдөгөндө аны карап эле отура бергиң келет экен. Жалбырактары дагы башкача. Бирок гүлдүн жыты жок. Кооздугу эле адамды өзүнө тартып турат», - деп белгиледи Маматисаева.

Кыргызстандын эң жаш облусу Баткенде өскөн Айгүл гүлү башка аймакта өзү өспөйт. Аны көчүрүп, үзүп алууга тыюу салынган. Кызыл китепке кирген гүл Баткенде ар жыл сайын 15-апрелден тарта гүлүн ачат.

Урулкан Маматисаева өстүргөн гүлдүн уругун алууга аракет кылып жатат. Ал гүл өстүрүп бер дегендер көбөйгөнүн, учурда Чубак ажы дагы гүлгө кызыгып жатканын айтып берди.

«Аксыда Айгүл гүлүн өстүрүп жатканымды эч ким билбейт. Талант деген уулум гүлдү тартып интернетке чыгаргандан кийин эл билди. Бирок кошуналарым бул гүл тууралуу билбейт. Районубуздагы Абдымомун деген журналист менден бир көчөттү суранып отуруп алып кеткен. Ал гүл эмне болду билбейм. Азыр мурдагы муфтий Чубак ажы бир гүл өстүрүп бериңиз деп суранып жатат. Бирок бул гүлдү өстүрүү кыйын болгондуктан алардын суранычын аткара албай жатам. Эгер гүл урук байлап калса көчөтүн көбөйтөт элем. Азыр бул гүлдү көчүрсөң куурап калат. Ошондуктан көбөйтүү кыйын, тамырын дагы ала албайбыз», - деди ал.

Аксылык 71 жаштагы апанын короосунда учурда 7 гүл бар. Алардын үчөөсү гана гүл ачып, калгандары азыркыга чейин гүл ача элек. Каарманыбыз гүлдүн тарыхын дагы айтып берди.

«Бул гүлдү Сүйүүнүн символу деп да атап жүрүшөт. Мен Баткенге барган учурда Кара-Булак айылынын тургундары бул гүлдүн тарыхын айтып беришкен. Бул гүл эки жаштын канынан жаралган деген уламыштар айтылып калыптыр. Жигит менен кыз бири-бирин жактырып, бирок алардын баш кошуусуна каршы болгондор чыгышат. Алар азыркы гүл өсүп жаткан тоого качышат экен. Бирок аркасынан адамдар кууп жетишкенде кыз-жигит бийик аскадан секирип кетишкен. Экөөнүн каны чачыраган жерлерге кыпкызыл гүл өсүп чыгыптыр. Башка аймактарда өспөгөнүнүн себеби дагы ушунда окшойт», - дейт карман.

Урулкан Маматисаева 71 жашта, 2 уул, 3 кыз жана 18 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×