Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.03.2019 09:45

Кара-Көлдөгү рейдде жол эрежесин бузган 128 айдоочуга айып салынды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында рейддин алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузган 128 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу шаардык ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-марттан 11-мартка чейин «Фуражка» жана «Тонировка» аттуу рейддер жүргүзүлгөн. Иш-чаранын жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган 128 факт аныкталган. Анын ичинен мас абалда унаа башкарган 1 айдоочу, терезелерин караңгылаткан 2, ылдамдыкты жогорулаткан 19 айдоочу аныкталган. Эреже бузган айдоочуларга протоколдор түзүлүп, айып салынды.

Рейддер жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук коопсуздукту сактоо, одоно түрдө жол эрежесин бузган айдоочуларды кармоо, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, өздүк курам арасында кызматтык тартипти бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.36% (366)
«РСК Банк»
35.43% (338)
«Капитал Банк»
9.33% (89)
...
Всего голосов: 954
×