Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуБаткен району 15.03.2019 09:17

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак: Баткенге Тажикстандын вице-премьер-министри да келди

Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасында. Баткен
Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасында. Баткен

Turmush -  Өкмөт учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү улантылып жатканын маалымдады. Окуя болгон жерге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.

Кечээ, 14-мартта Жеңиш Разаков жергиликтүү калк, анын ичинде аксакалдар жана жаштар өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда чек арада кырдаалды мындан аркы эскалация кылууга жол бербөө зарылдыгын белгилеген болчу.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Маалыматка караганда, 14-мартта кечинде эки тараптын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.

«14-мартта саат 22:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин чек арага жакын аймактарда топтолгон адамдар болгон жок.

14-мартта кечинде Дача аймагында эки тараптын делегациялары жолугушту. Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр, Чек ара кызматынын төрагасы, Баткен облусунун жетекчиси, ИИМдин башчысынын орун басары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышса, ал эми Тажикстан тараптан вице-премьер-министр, Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, Согдий облусунун губернаторунун орун басары, республикалык жана облустук каттоо кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты. Эки тараптын жолугушуусу бүгүн дагы улантылат», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, учурда Исфара—Ворух жана Баткен—Лейлек жолдору жабык бойдон калууда. Кырдаалга байланыштуу чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×