Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуАт-Башы району 15.03.2019 09:13

Айыл турмушу: Баатыр эне Н.Айдыралиеванын апасы 17 балалуу болгон (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 57 жаштагы тургуну Нургүл Айдыралиева «Баатыр эне» наамын алган. Анын апасы да 17 бала төрөп, баатыр эне болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нургүл Айдыралиева 1962-жылы 7-апрелде Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган. 1985-жылдан 2000-жылга чейин Ат-Башы районундагы каржы бөлүмүндө секретарь-машинист, Ат-Башы райондук санитардык-эпидемиологиялык бекетинде кассир, секретарь-машинист болуп иштеген. 2011-жылдан баштап Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүндө кенже кызматкер болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү, 7 баланын энеси, 6 небереси бар.

«Иштеп жүргөн киши үйдө бош отура албайт экен. 2011-жылдан бери Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүндө кенже кызматкер болуп иштеп келе жатам. Азыр балдарым иштебей эле коюңуз дешет. Бирок кыймыл-аракетке карап эле иштеп жатам. Үйдө отуруп калсам эле башкача болуп калам. Балдарым өз жолдорун табышты. Кичүү уулум 10-класста окуйт.

20 жашымда турмушка чыгып, 21 жашымда төрөдүм. Өзүмдүн классташыма турмушка чыктым. 6 айлык кезимде мени таенем менен таятам багып алышыптыр. Апам 17 бала төрөптүр. Мени “апаңдай болуп көптү төрөдүң, апаңа дагы аябай окшошсуң” деп калышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.36% (366)
«РСК Банк»
35.43% (338)
«Капитал Банк»
9.33% (89)
...
Всего голосов: 954
×