Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуӨзгөн району 14.03.2019 17:42 На русском

Өзгөндө 2 унаа сүзүшүп, 3 адам ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-март күнү саат 08:30 чамасында Бишкек—Ош автоунаа жолунун 605-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында Базар-Коргон районунун 1962-жылы туулган тургуну С.Н. өзүнүн «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгына учураган. Ал Жалал-Абад шаарына кетип бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен жана «Дэу Тико» унаасы менен кагылышкан. «Дэу Тико» унаасын Өзгөн районунун 2000-жылы туулган К. уулу Б. аттуу тургуну башкарып бара жаткан.

Анын кесепетинен «Дэу Тико» унаасында бара жаткан жүргүнчүлөр — 1959-жылы туулган Ж.Р., 1960-жылы туулган Т.А. жана 1966-жылы туулган Б.Г. (Өзгөн районунун тургундары) ар кандай жаракаттарды алышып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.

Аталган кырсык боюнча Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.36% (366)
«РСК Банк»
35.43% (338)
«Капитал Банк»
9.33% (89)
...
Всего голосов: 954
×