Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуЖумгал району 14.03.2019 16:33

Чаектеги 18 млн сомго асфальтталган 3 чакырым жол 2 жылга жетпей талкаланууда, - тургун (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын борбордук бөлүгүндөгү 3 чакырым жол 18 млн сомго 2017-жылдын күз айында асфальтталган. Учурда жол жарылып, талкаланып жатат. Бул тууралуу айыл тургуну Камчыбек Жаманкулов билдирди.

«2009-2010-жылдары бул жол Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан 24,7 млн сомго оңдолуп курулган. Тилекке каршы унаа жолу 2 жыл өтпөй жарактан чыккан. 2017-жылы кайра оңдолгон. Мына өзүңүздөр көргөндөй, жол жарылып талкаланып жатат. Арыктар дагы жабылып калган», - деди ал.

Ал эми Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошов бул жолдор айыл өкмөттүн балансында экенин билдирди.

«2017-жылы айылдын Э.Матыев көчөсүнө 872 метр жолго 12 млн 52 миң 100 сомго, Ж.Айылчиев көчөсүнүн 1 км жолуна 4 млн 777 миң 200 сомго, Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясына баруучу 200 метр жолго 1 млн 19 миң 900 сомго асфальт-бетон аралашмасы төшөлгөн. Аталган жолдор Чаек айыл өкмөтүнүн балансында турат. Долбоор боюнча жөө жүргүнчү өтүүчү жол менен арык каралган эмес», - деди З.Моңошов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×