Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Чүй облусуКемин району 25.03.2019 21:00

«Жеңеке»: Ата-энесинин аяштарына келин болгон К.Муктарбекова кайын атасын кыйкыртканын унутпайт

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылынын тургуну Каныкей Муктарбекова жаӊы келин болуп келгенде кайын атасынын бут кийимин кийип алып уялган.

Ал билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, райондогу «Супер келинчек» сынагына катышкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум экөөбүз бир кыз, бир уулду тарбиялап, өстүрүп келе жатабыз. Экөөбүз бири-бирибизди бала кезден таанычубуз. Анткени ата-энелерибиз аяштар. Бой жеткенибизде бири-бирибизге болгон сүйүү сезимибиз пайда болуп, кыз-жигит болуп жүрүп баш кошконбуз. Жаӊы келин болуп келгенде башка үй-бүлөнүн жашоосуна көнүп кетүү кыйын. Көп нерседен уялып, сүрдөй бересиӊ. Бир окуя такыр эсимден кетпейт. Эстесем уяла берем. Оокат кылып жүрүп, байкабай атамдын (кайын атамдын) кийип жүргөн бут кийимин кийип, сыртка чыгып кетиптирмин. Бир маалда атам үйдөн чыгып, «менин бут кийимимди ким кийип кетти?» деп кыйкырганда тызылдап чуркап барып чечип бергеним эсимден кетпейт. Бир жагынан уялып, экинчи жагынан коркуп кеткем.

Мен үй-бүлөдө балдарыма мээримдүү эне, жолдошума сүйүктүү жармын. Аял киши үйдө, коомдо өз ордун билиши керек деп ойлойм. Кайын журт менен төркүнгө бирдей мамиле кылыш керек. Эӊ башкысы жолдошуӊду, кайын журтуӊду сыйлап алсаӊ, сен анда ал үйдөн бакыт табасыӊ», - деди ал.

Каныкей Муктарбекова аталган сынактан Ысык-Көлгө жолдомо утуп алды.

«Бул сынакка мугалимдердин, директордун сунушу менен катышып калдым. Атайын берилген программага жараша жолдошум, апам (кайын энем), балдарым жардам берип, колдоп турушту.

Сынактан сертификат, айыл өкмөт менен эмгек жамаатымдан акчалай сыйлык, билим берүү бөлүмү менен профсоюздан Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алдым», - деди ал.

Каныкей Муктарбекова 1991-жылы 23-мартта Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында төрөлгөн.

«Аталган айылдагы Б.М.Юнусалиев атындагы орто мектебин аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктагам. 2014-жылы өзүм окуган мектепте иштеп баштагам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×