Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуӨзгөн району 14.03.2019 14:38

«Алыңар жетпейт, убара болбогула»: Өзгөндө акимдин орун басарынын эжесине таандык жер талашка түштү (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн районунун акиминин орун басары Рахимбек Мырзакуловдун бир тууган эжеси Тамара Мырзакуловага катталган 8 сотых жер тилкеси талашка түшкөнүн аймактык кабарчы билдирди.

Көлдүк айыл өкмөтүнүн тургуну Турдайым Ниязалиеванын айтымында, аталган 8 сотых жер тилкеси анын күйөөсүнө 1994-1995-жылдары Мырза-Аке айылдык кеңешинин токтомунун негизинде берилген. Бирок учурда аталган жерге бастырма курулуп, айланасы тосмо менен тосулган. Ал эми жергиликтүү бийлик талашка түшкөн жер тилкеси 2005-жылы Мырза-Аке айылдык кеңешинин токтому менен акимдин орун басарынын эжесине берилгендигин айтышты.

1994-жылы жер көчкүнүн кесепетинен Салам-Алик, Алтын-Булак, Тоо-Дыйкан айылындагы 192 тургунга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу менен жана Мырза-Аке айылдык кеңешинин 1994-1995-жылдардагы токтомунун негизинде Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Коммунист участогунан 8 сотых (ар бирине) жер тилкеси бөлүнгөн.

Турдайым Ниязалиеванын айтымында, Мырза-Аке айылдык кеңешинин 1994-1995-жылдары чыгарган токтомун 2005-жылы Мырза-Аке айылдык кеңеши соттун чечими жок эле бузуп, башка жарандарга берүү жөнүндө жаңы токтом чыгарган.

«1994-жылдары Тоо-Дыйкан айылында жер көчкү болуп, бизге Мырза-Аке айыл өкмөтүнөн жер тилкелери берилген. Ал убакта бир ширеңке алууга чамабыз жок эле. Анан кайын атам, кайын энем кайтыш болуп, шартка байланыштуу бөлүнгөн жерге көчүп келүүгө, үй салууга чамабыз жеткен жок. Кийин жерибизге үй салалы деп келсек Рахимбек Мырзакулов жерди менчиктештирип, айланасын зым менен тосуп койгон экен. Бизге ал «алыңар жетпейт, убара болбогула» деди. Ошондон бери жолдошум, мен көп жолу келип-кеттик. Жыйынтык жок. Алар бизге окшош карапайым адамдарды укпайт экен. Үйүнө барганда кубалаган күндөр болду. Былтыр менин жеримде эч нерсе жок болчу. Азыр бастырма салып коюптур. Мамлекеттик каттоо бөлүмүнө келсем, алар мени менен кошо бир адисин жөнөткөн. Ал менин жеримдин жанындагы үйдү «бул сиздин жериңиз экен» деп көрсөтүп жатат. Менин жерим менен кошунамдын жерин окшош кылып 5 деген номур кылып коюптур», - деди Т.Ниязалиева.

Өзгөн районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы Медербек Акматов 1994-жылдары чыгарылган токтом соттун чечими жок эле бузулганы жөнүндө билбей тургандыгын, 2005-жылдары жетекчи болуп иштебегендигин билдирди.

«Мендеги маалыматтар боюнча 1994-1995-жылдары Салам-Алик, Алтын-Булак, Тоо-Дыйкан айылындагы 192 жарандын кооптуу аймактан көчүрүлүшү боюнча ӨКМдин корутундусу чыккан. Бөлүнгөн жерлерге 71 жаран көчүп келбегендиктен, 2005-жылы Мырза-Аке айылдык кеңеши мурунку токтомду жокко чыгарып, жерге муктаж башка жарандарга жер тилкесин берүү боюнча токтом чыгарган. Ошонун негизинде Тамара Мырзакуловага, Саитмурат Мырзакуловго дагы (акимдин орун басарынын бир тууган иниси) жер берилген. Мырза-Аке айылдык кеңешинин мурунку токтому кантип бузулганын билбейм», - деди ал.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, кооптуу аймакта жашаган 192 жарандын 91и бөлүнгөн жер тилкелерге көчүп келишкен. Калган 71 жаран бөлүнгөн жерлерине көчүп келген эмес. Жерлерди бөлүштүрүүгө катышкан архитектура башкармалыгынын башкы адиси Токтаким Молдалиев аталган жер тилкелери соттун оозеки уруксаты менен берилгендигин айтты.

«Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2005-жылы чыгарган токтому менен жерлерди таратканбыз. Биз сотко кайрылганыбызда «силерде айыл өкмөттүн уруксаты, айылдык кеңештин токтому бар экен» деп оозеки түрдө уруксат берген. Анан Тамара Мырзакуловага, Саитмурат Мырзакуловго жерди мен бергем», - деди ал.

Юристтердин айтымында, айылдык кеңештин токтомун сот аркылуу гана бузууга болот. Мындан улам, эч кандай соттун чечими жок эле Мырза-Аке айылдык кеңешинин 1994-жылдары чыгарылган токтомун жокко чыгаруу мыйзам бузуу болуп саналат. Ал эми Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн учурдагы башчысы Раимберди Курбанкулов аталган жерлер 2007-жылдары берилгенин айтып жатат.

«2007-жылы мен айылдык кеңештин депутаты болчумун. 1994-жылы берилген жерлерге 2007-жылга чейин эч ким көчүп келбегендиктен, жерге муктаж башка адамдарга жер берүү боюнча токтом чыгарганбыз», - деди ал.

Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы 1994-1995-жылдары чыккан токтом 2004-жылы Мырза-Аке айылдык кеңешинин токтому менен жокко чыгарылгандыгы жөнүндө документти көргөздү. Ага таянсак, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн учурдагы башчысы Раимберди Курбанкуловдун 2007-жылы жаңы токтом чыгарганбыз деген сөзү чындыкка коошпой жатат. Бирок айыл өкмөт башчысы ал мезгилди жакшы эстей албастыгын, балким 2004 же 2007-жыл болушу мүмкүн деп сөзүн тууралады.

Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо кызматынын, архитектура башкармалыгынын адистери жана Турдайым Ниязалиева менен чогуу аймактык кабарчы дагы бөлүнгөн жер тилкесине барды. 1994-жылдары чыккан токтомдун негизинде Турдайым Ниязалиеванын жер тилкесинин номуру 5 болсо, мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектура башкармалыгынын адистери СССР убагындагы башкы пландагы картаны карап, Ниязалиеванын жер тилкеси деп 4 номурдагы үйдү көрсөтүштү. Бирок Ниязалиева алардын сөздөрүнө макул болбой жатат.

«Булар Өзгөн районунун акиминин орун басарынын эжеси Тамара Мырзакуловага менин жер тилкемди каттап коюшкан, ошондуктан убагында өзүм күбө болгон жер тилкемдин номурун жылдырып жатышат», - деди ал.

Бөлүнгөн жер тилкелеринде жашап жаткан тургундардын айтымында, Ниязалиеванын жер тилкеси өзү айткандай эле 5 номурда, болгону анын жери акимдин орун басарынын эжесине катталган. Анын жанындагы 6-номурдагы жерде акимдин орун басарынын иниси Саитмурат Мырзакуловго катталган үй жайгашкан. Жергиликтүү тургундар аталган үйдө акимдин орун басары Рахимбек Мырзакулов өзү жашарын айтышты. Бирок Өзгөн районунун акиминин орун басары Р.Мырзакулов айтылган дооматтарга макул эмес.

«Инимдин үйүндө менин балам жашайт. Балам бир жакка кеткенде мен дагы барып жашап турам. 2005-жылы чыккан токтомдун негизинде менин эжем Тамара Мырзакулова жана иним жер алышкан. Мен ал учурда башка кызматта иштечүмүн», - деди акимдин орун басары.

Учурда Турдайым Ниязалиева бул иш боюнча Өзгөн райондук сотуна кайрылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.36% (366)
«РСК Банк»
35.43% (338)
«Капитал Банк»
9.33% (89)
...
Всего голосов: 954
×