Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.03.2019 12:57

Жалал-Абаддагы 3 ооруканага жаңы медициналык жабдуулар тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 14-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө медициналык мекемелерге жаңы диагностикалык жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жабдуулар облустук клиникалык ооруканага, Кара-Көл шаардык ооруканасына жана Аксы районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна берилди.

Бул демилге Кыргызстандын Кызыл Ай коому жана Кызыл Крест эл аралык коомунун колдоосу менен ишке ашты.

Медициналык мекемелерге тонометр, жылчык лампасы, авторефкератометр сыяктуу жабдуулар көз ооруларынын диагностикасын жакшыртуу үчүн берилди.

Буга чейин ушул сыяктуу жабдуулар Баткен жана Ош облустарындагы ооруканаларга тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×