Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Талас облусуКара-Буура району 14.03.2019 13:22

Айыл турмушу: Кара-Буурадагы Күлийпа Доулова 25 жылдан бери шырдактарды жасоо менен алектенет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 58 жаштагы тургуну Күлийпа Доулова 25 жылдан бери шырдактарды жасап сатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Анын айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында төрөлгөн. Кесиби тигүүчү.

«Сүйгөн жумушум менен 25 жылдан бери алектенип келе жатам. Шырдак шырып, түрдүү курактарды курайм. Курак боюнча айыл тургундардан буйрутма келет. Аларды аткарып берем. Сырткы айылдардан кийиз, шырдак сатып алуучулар жана буйрутма бергендер келишет. Алгачкы шырыгандарым 5000 сомдон сатылчу. Азыркы кезде 10000-15000 сомдон болуп жатат. Таенем тон тиккен чебер киши болгон. Менин ушундай ишти жөндөп кетүүмө таенем менен апам түрткү болгон. Кенен шырдакты 3 айда толук жасап бүтөм. Күн жылууда боёкко салып, кургатып, тытып, аларды чийге салып, балдарга тептирип даярдап коём. Айтор түйшүгү көп.

Улуу кызым машина менен тигет. Үй-бүлөлүк киреше болуп калат. Куракты кураганда кардарлар кездемесин алып келет. 500 сомдон курап берем. Сеп дагы даярдайм. Мен көбүнчө шырдакка жакынмын. Паннолорду дагы жасай берем. Шырдак жасаганда кийизи биринчи даярдалат. Азыр илгеркидей стилде эмес, кооз шырдактар ойлонуп чыгарылууда. Эл акырындап заманбап килемдерге караганда сапаттуу шырылган шырдактарды колдонууда. Бул албетте сүйүндүрө турган иш.

Ак койдун жүнүнөн ак кийиз, боз жүндөн боз кийиз жасалат. Эгер боёкко салбастан натуралдуу жасайм десем даяр болгон кийиздин үстүнө бор менен оюуларды чием. Андан соң кийизди чойгулабай жөрмөп алам. Ыскыттап жээк бастырам. Майда сайып, бекем тартыш керек, ошондо бышык шырдак болот. Бул экологоялык жактан таза, жайында салкын, кышында жылуу жана жумшак шырдак болот», - деди ал.

Чебер айым 7 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.36% (366)
«РСК Банк»
35.43% (338)
«Капитал Банк»
9.33% (89)
...
Всего голосов: 954
×