Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Чүй облусуПанфилов району 14.03.2019 12:11

Элет көйгөйү: Чорголудагы авариялык мектептин 30 окуучусу башка жакта билим алууга аргасыз

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Фрунзе айыл аймагынын Чорголу айылындагы мектептин салынганына жарым кылымдан ашкан. Пайдубалы таштан, дубалы саман кирпичтен курулган эски мектеп бүгүн авариялык абалда. Учурда 30 окуучу башка мектептерде окууга аргасыз болуп жатышканын айыл тургундары билдиришти. Ошондой эле жаӊы мектептин курулушу кечеӊдеп жатканына нааразы болушту.

«Биздин айылдагы мектеп 1960-жылдын башында курулган. Дубалы саман кыштан, пайдубалы таштан курулган. Жылытуу түрү контрамарка болсо, типтүү эмес. Пайдубалы чөгүп, дубалдардан жарака кетип, төбөсү ийилген.

Айылга жаӊы мектеп куруу демилгеси 1990-жылдары эле көтөрүлүп, бирок СССРдин кыйрашы менен ал демилге унутулуп калган. 2000-жылдары кайра көтөрүлгөн. Ошол учурда АРИСтин жардамы менен эски мектептин ички жана тышкы шыбактары жаӊыртылган. 2015-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, эски мектептин имараты жараксыз абалга чыгарылган. Жаңы мектеп куруу планын Билим берүү министрлигинин алдындагы «Коопсуз мектеп» долбооруна киргизгенбиз. Жаңы мектептин курулуш иштери башталып калышы керек эле. Бирок эмнегедир иш башталган жок», - деди алар.

Азыркы учурда мектепте 70-80ге чукул окуучу окуйт.

«Мектепте шарт жок болгондуктан кичи участкадагы 25-30 окуучу туугандарынын үйүндө жашап, башка мектептерде билим алууга аргасыз болушууда», - деди айыл тургундары.

Ал эми Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Карымшаковдун айтымында, курула турган жаӊы мектептин документтери толугу менен бүтүп, өкмөттөн бөлүнө турган акча каражаты күтүлүүдө.

«Бул маселе боюнча облус башчысы да келип кеткен. Бардык документтери бүткөн. Бүгүнкү күндө акча каражатын эле күтүп отурабыз. Бул мектепти президентибиз, премьер-министрибиз билет. Кудай буюрса быйыл же кийинки жылы акча каражаты келип калса эле курулуш иши башталат.

Жаӊы мектеп 100 орунга ылайыкталган жана эки кабаттуу болуп курулат», - деди ал.

Аталган айылда 500гө жетпеген тургун бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×